Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 3-июнда иш сапары менен Минск шаарына барды.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.
Акылбек Жапаров ошондой эле “Белагро-2024” эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан “Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу” пленардык сессиясына катышат.



















