Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу жеңишинин 80 жылдыгына арналган аскердик парадга катышуу үчүн Москва жана Минск шаарларына жөнөп кетишти.
Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аскерлер бүгүн, 24-апрелде Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин “Кант” авиациялык базасы аркылуу учуп кетишти.
“Бул ардактуу милдет, алардын саптык даярдык деңгээлин эске алуу менен Улуттук гвардиянын аскер кызматчыларына, тактап айтканда Ардак кароол ротасына жүктөлгөн”, – деп белгиленет билдирүүдө.
Министрлик Улуттук гвардиянын Ардак кароол ротасы Пекиндеги, Москвадагы жана Минскидеги аскердик параддарга да катышып, парад көрүүчүлөрүн суктандырып, параддын командачыларынан мыкты бааларды жана жоопторду алып, ар дайым мыкты саптык даярдык жана түздөнүү жактарынан өзгөчөлөнүп келгенин кошумчалады.



















