8-февралда Ташкенттеги «Куксарой» резиденциясында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенкону расмий тосуп алуунун салтанаттуу иш чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин пресс-кызматы билдирди.
Өзбекстан менен Беларустун мамлекеттик желектери менен жасалгаланган аянтта жогорку даражалуу коноктун урматына ардактуу караул тизилди.
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев белорус лидерин жылуу маанайда тосуп алып, аны подиумга чакырды. Андан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.
Мамлекет башчылар ардактуу караулдун катарынан өтүштү жана расмий делегациялардын мүчөлөрү менен саламдашты.
Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр башталды.



















