КМШ өлкөлөрүнүн курамындагы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан Грузия, Азербайжан, Молдова, Армения жана Украинадан Россиянын борбору Москвага жана Москва облусуна визасыз кирген мигранттар жасашы керек болгон “Амина” тиркемеси социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты.
Бул маселеге байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кеңешчиси Айымкан Кулукеева кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, тиркеме тууралуу түшүндүрмө берди.
“2025-жылдын 1-сентябрынан тартып Москва жана Москва облусунун аймактарына иштөө максатында келген чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар “Амина” тиркемесин телефонго көчүрүп алып, ошол тиркеме аркылуу миграциялык каттоого туруу талабы кирди. Бул эксперементтик тартип болгондуктан аталган аймактарда жүргөн жарандарга гана тиешелүү “, – деди Кулукеева.
Анын айтымында, эгер бул эксперемент ийгиликтүү ишке аша турган болсо, анда келерки жылдардан баштап өлкөнүн башка аймактарында тиркемени колдонуу талабы кирет.
“Эгерде кыргыз жаранын буга чейинки катоосу бар болсо, анын мөөнөтү 30-сентябрга чейин жарактуу болот. Демек, миграциялык каттоо менен жүрсө болот. Андан кийинки 30 күн аралыгында “Амина” тиркемеси аркылуу жашаган дарегиңизди Россиянын Ички иштер министрлигине кабарлоого милдеттүүсүз”,- деп кошумчалады А. Кулукеева.
Ал түшүндүргөндөй, үй-бүлө мүчөлөрү же студенттер мурдагыдай эле кагаз түрүндө миграциялык бөлүмгө барып каттоого турушу керек. Бирок Москва шаарына же облуска биринчи жолу эмгек мигранты катары келгендер буга чейинки тартиптерге ылайык Сахароводогу “Көп функционалдуулук борборуна” барып, тиешелүү процедуралардан өтүп, “кызыл” жана “жашыл” карталарды алышы зарыл.
Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да бул боюнча маалымат берген.
Министрлик билдиргендей, эгерде акыркы мониторинг жүргүзүлгөн күндөн тартып үч күндөн ашык убакытта маалымат жок болсо, чет өлкөлүктөр реестрден чыгарылат. Эксперименттин шарттарын бузуу контролдонуучу адамдардын реестрине киргизүүгө алып келиши мүмкүн.
Ал эми “Российская газета” басылмасы “Көп функционалдуу миграциялык борбор” мамлекеттик бюджеттик мекемесинин башкы директору Антон Игнатовдин билдирүүсүнө таянып, тиркеменин негизги функциясы геолокация боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө Россиянын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү болуп кала тургандыгын тактады.
“Долбоор бийлик органдарына мыйзамсыз мигранттар менен күрөшүүгө жана орус мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөгө жардам берет”,- деп кошумчалаган Антон Игнатов.
Ал миграциялык каттоого турбаган мигранттар россиялык Rustore расмий дүкөнүнөн гана жүктөй аларын айткан.
Эскерте кетсек, 2024-жылы Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарына күчөтүлгөн тартиптеги өзгөртүүлөр киргизилип, ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген. Буга өлкөдөгү бир катар террордук окуялар себеп болгон.

















