«Мен буга чейин бир нече жолу айткандай, Иранга байланышкан эч бир маселенин аскердик чечими жок», — деди Ирандын тышкы иштер министри.
Тегеран эч кандай басымга же коркутууга баш ийбейт, «Иранга байланышкан эч бир маселе аскердик жол менен чечилбейт». Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Индиянын борбору Нью-Делиде өткөн БРИКС өлкөлөрүнүн ТИМ башчыларынын жыйынында билдирди.
Иран ТИМинин маалыматына ылайык, Аракчи Индиядагы жолугушууда чыгып сүйлөп, аймактык жана эл аралык окуяларга, ошондой эле Иран менен БРИКСтин ортосундагы мамилелерге токтолду.
Иран дипломатиясынын башчысы өлкө өзүнүн эркиндигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн бардык каражаттарды колдонууга даяр экенин, бирок ошол эле учурда дипломатия жолун уланта берерин белгиледи.
Аракчинин айтымында, Тегеран эч кандай басымга же коркутууга баш ийбейт, бирок урматтоо менен мамиле кылгандарга жооп катары ошондой эле мамиле кылат.
«Мен буга чейин бир нече жолу айткандай, Иранга байланышкан эч бир маселе аскердик жол менен чечилбейт», — деди ал.
Министр белгилегендей, тынчтыкты сүйгөн иран эли согушка умтулбайт, бирок өлкөнүн куралдуу күчтөрү «чет элдик агрессорлорго кыйратуучу жооп берүүгө ар дайым даяр».
Аракчи АКШ жана Израилдин чабуулдары шартында Иран агрессор эмес, тескерисинче жабыр тарткан тарап экенин айтып, башка өлкөлөр да ушундай кысым формаларына туш болуп жатканын белгиледи.
Ирандын тышкы иштер министри ошондой эле мындай кысым саясатына чек коюу үчүн биргелешип аракет кылуу зарылдыгын билдирди.
«Эл аралык укуктун бузулушу, ачык деңиздеги мамлекеттик пиратчылык сыяктуу кылмыштар жана Батыштын буга жооп бербей унчукпай калышы жазасыздык шартында гана мүмкүн болот. Бул терс абалды баарыбыз биргелешип жоюшубуз керек», — деди ал.
Аракчи БРИКСке мүчө өлкөлөрдү жана эл аралык коомчулуктун бардык жоопкерчиликтүү мамлекеттерин «эл аралык укуктун бузулушун, анын ичинде АКШ менен Израилдин Иранга каршы мыйзамсыз агрессиясын ачык айыптоого, эл аралык институттарды саясатташтырууну токтотууга жана согушту күчөтүүгө, ошондой эле БУУнун Уставын бузгандарды жазасыз калтырууга каршы конкреттүү кадамдарды жасоого» чакырды.
Ал ошондой эле күч эмес, адилеттүүлүк үстөмдүк кылган дүйнөлүк тартипти түзүү зарылдыгын баса белгиледи.
«Биз БРИКС кыйла адилеттүү, тең салмактуу жана гумандуу дүйнөлүк тартипти калыптандырууда негизги тиректердин бири боло алат жана болушу керек деп ишенебиз», — деди Аракчи.

















