Ирандын президенти Масуд Пезешкиан ирандыктар буга чейин да кысымга каршы турушканын жана мындан ары да каршылык көрсөтө беришерин белгилеп, АКШ Иран элинин укуктарын таанып, коркутуу жана агрессия саясатын токтотушу керектигин билдирди.
Pars Today агенттигинин маалыматына караганда, Масуд Пезешкиан 21-октябрь, шаршемби күнү сүйлөгөн сөзүндө дүйнө коомчулугунун Иран эли жана өлкөсү тууралуу пикири өзгөргөнүн белгиледи.
Ал: «Мындай өзгөрүү Иран элинин туруктуулугуна жана каршылык көрсөтүүсүнө байланыштуу. Ошондуктан дүйнөнүн Иран тууралуу көз карашы башкача болуп калды. Кудайдын жардамы менен келечекте да өз жолубузду бекемдик жана чечкиндүүлүк менен уланта алышыбыз үчүн бул процессти туура багытта өнүктүрүшүбүз керек», — деди.
Пезешкиан ошондой эле Иран эч качан согушту көздөбөгөнүн жана согушка катышуу ниети жок экенин белгиледи.
«Иран эч качан согушту каалаган эмес жана согуш баштоону да көздөбөйт. Бирок биз эч кандай шартта күч колдонууга же коркутууга баш ийбейбиз. Бул биздин ишенимдерибизге негизделген», — деди ал.
Ирандын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жети айдан ашык убакыттан бери элдин аянттарга массалык түрдө чыгып жатканын белгилеген президент бул оңой иш эмес экенин айтты.
«Душмандар башаламандык жаратууну көздөп, Ирандын коопсуздук жана аскердик инфраструктурасына толугу менен чабуул коюшту. Бир жагынан, алар Ирандын ичинде бизге кыйынчылыктарды жаратууга аракет кылышса, экинчи жагынан, Ирандын байланыш жолдорун жана чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн бөгөттөөгө аракеттеништи», — деди Пезешкиан.
Ошондой эле ал Ислам революциясынын лидери шейит болгондон кийин Иранды бөлүп-жарууга багытталган душмандардын ишке ашпай турган пландары тууралуу сөз кылды.
«Бүгүнкү күндө Трамп да өз ниетин расмий түрдө жана уялбастан билдирип жатат. Ал Ирандын мунайы менен газын кааларын, Иранга муну жасоого жол бербей турганын айтып, Венесуэланын ресурстарын алгандай эле Ирандын байлыктарын да келип алып кетүүнү көздөп жатат», — деди ал.
Пезешкиан ийгиликке жетүүнүн негизги шарты улуттук биримдикти бардык деңгээлде сактоо жана ар бир адамдын активдүү катышуусу экенин белгиледи.
«Эгерде биз күч-аракетибизди бириктирсек, Иранды бул оор кырдаалдан чыгара алабыз», — деп жыйынтыктады президент.
















