АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жубайы менен Самаркандга келди. Бул анын Борбордук Азияга жасаган алгачкы сапары. Дүйшөмбү күнү бул жерде аймак өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин C5+1 форматындагы жолугушуусу, ошондой эле Америкалык-өзбек ишкердик жана инвестициялык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жекшемби күнү кечинде жубайы менен Самаркандга келди. Бул анын Борбордук Азияга жасаган алгачкы сапары.
Аэропорттон аны Өзбекстандын президентинин администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева, тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, АКШ президентинин Түштүк жана Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Серджио Гор, АКШнын элчиси Жонатан Хеник жана Самарканд облусунун жетекчилиги тосуп алышты.
«АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиону тарыхый Самарканд шаарында тосуп алганыма кубанычтамын», — деп жазды Саида Мирзиёева өзүнүн Telegram-каналына.
Дүйшөмбү күнү бул жерде Америкалык-өзбек ишкердик жана инвестициялык кеңешинин экинчи жыйыны өтөт. Кеңештин теңтөрагалары — Саида Мирзиёева жана Серджио Гор. Ошондой эле аймак өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин C5+1 форматындагы жолугушуусу болот.
Мындан тышкары, Марко Рубио менен Бахтиёр Саидов эки өлкөнүн ортосундагы кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк боюнча диалогдун биринчи айлампасын өткөрүшөт.
«Эртеңки диалог стратегиялык өнөктөштүктү жаңы практикалык демилгелер менен толуктоого, ошондой эле Борбордук Азия менен АКШнын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын биргелешип аныктоого жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенебиз», — деп белгиледи Бахтиёр Саидов.
Марко Рубио менен бирге Өзбекстанга АКШнын 200дөн ашык ири компаниясынын өкүлдөрү келишет.
Самаркандга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да келди. Ал ишкердик жана инвестициялык кеңештин жыйынына катышып, ошондой эле Марко Рубио менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.


















