Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен бетме-бет форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий диалогду чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруп, кыргыз-армян кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.
Садыр Жапаров Арменияга өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын чакыруусу боюнча расмий сапар менен 15-октябрда келген. Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагында өткөн Лидерлер саммитине катышты, ошондой эле Армениянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.




















