Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Кылым карыткан Сары-Өзөн: Чүй облусунун 100 жылдык мааракеси жана жаңыланган тарыхый рекорд

  • Без рубрики
  • 12.10.2026 11:43

Loading

Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси 9–10-октябрь күндөрү масштабдуу түрдө өлкө аймагында зор салтанат менен белгиленди.

Бир кылымдык жолду карыткан Сары-Өзөн Чүйдүн бул мааракеси жөн гана майрамдык шаң эмес, аймактын өтмүшүнө сарамжалдуу кылчайып, келечегине ишенимдүү кадам таштоонун символуна айланды.

Борбордук иш-чараларга Өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер, чет элдик коноктор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана миңдеген тургундар катышты.

Тема боюнча

Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт

06.04.2024

Президент Садыр Жапаров Сары-Өзөн Чүйдүн бир кылымдык мааракеси менен куттуктады.  Ал өз сөзүндө байыркы Жибек Жолу аралап өткөн Сары-Өзөн Чүй – айтылуу Баласагын, Суяб, Ак-Бешим, Жүл сыяктуу тарыхый шаарлардын таржымалын ичине катып, доордон доорго өткөрүп келет. Кыргызстандын соңку тарыхынын өзөгү да Сары-Өзөн Чүйдүн 100 жылдык басып өткөн жолу менен даңазалуу экендигине токтолду.

“Бүгүнкү эгемен Кыргызстандын пайдубалын түптөгөн журт аталары дал ушул Чүй боорунда биригип, мамлекеттүүлүк үчүн кара баштарын баталгыга байлап, тагдыр чечер чечимдерди кабыл алууга канын-жанын арнашкан. Эсилдердин көбүнүн сөөгү дал ушул Чүй бооруна жашырылган.

Чүй өрөөнүнүн символу болгон Бурана да, Ата-Бейит да ошол улуу тарыхтын үнсүз күбөлөрү.

Мына ошол Кыргызстандын жаркын келечегине байланышкан окуялардын чордонуна айланган кең Сары-Өзөн бүгүн да жети дубандагы элдин, 80ден ашык этностун өкүлдөрүн койнуна батырып, ынтымактын, достуктун жана токчулуктун үлгүсүнө айланып, кут-берекесин төгүп келе жатат”, – деди президент.

Майрамдын негизги маданий очогу Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында уланып, Чүй облусунун бир кылымдык басып өткөн жолун, Улуу Жибек жолундагы тарыхый ордун, маданиятын жана заманбап өнүгүүсүн чагылдырган масштабдуу театрлаштырылган көрүнүш тартууланды. Иш-чара өлкөнүн мыкты өнөрпоздорунун коштоосундагы чоң гала-концерт менен уланды.

Мындан тышкары, Т. Усубалиев атындагы аянтта облустун жетишкендиктерин чагылдырган ири көргөзмө-жармаңке уюштурулду. Анда Чүйдүн дыйкан-фермерлеринин, өндүрүш ишканаларынын продукциялары жана улуттук кол өнөрчүлөрдүн эмгектери конокторго сунушталды.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында жаш лидерлердин жана активисттердин башын бириктирген “Кыялымдагы Кыргызстан: Чүй – 100 жыл” аттуу форум өттү. Форумда аймактын экологиялык, санариптик жана экономикалык келечеги тууралуу жаштардын инновациялык идеялары ортого салынды.

Эң өзгөчөлөнгөнү 128 метрлик дүйнөдөгү эң узун чучук болду.

Бул мааракенин эң өзгөчөлөнгөн, тарыхта кала турган окуясы — ата мекендик “Тойбосс” компаниясы тарабынан даярдалган дүйнөдөгү эң узун чучуктун бет ачары болду. Бул демилге улуттук ашкананын кадыр-баркын эл аралык деңгээлде даңазалоо максатын көздөдү.

“Тойбосс” компаниясынын кызматкерлеринин айтымында, жаңы рекордго чыккан чучуктун чийкилей узундугу 140 метрди, ал эми бышкандан кийинки таза узундугу 128 метрди түздү. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан 2018-жылы катталган 117 метрлик өзүнүн мурунку рекордун жаңылады.

Сый тамакты даярдоого 400 килограммдан ашык таза жылкы эти, казы жана атайын тандалган улуттук татымалдар колдонулган.

“Тойбосс” компаниясынын ондогон тажрыйбалуу кызматкерлери чучукту бир калыпта байлап чыгышкан. Ал эми бул гиганттык деликатести бышыруу  процесси 6 саатка созулган.

Эски аянтта өткөн салтанаттуу бет ачардан кийин, бул тарыхый тамак атайын бөлүктөргө кесилип, майрамдын миңдеген конокторуна жана борбор калаанын тургундарына бекер таратылды.

Бул кадам майрамдын нукура кыргыздын кең пейилдик, меймандостук салтын дагы бир жолу айгинелеп, Сары-Өзөн Чүйдүн

облусунун 100 жылдыгы — бул жөн гана календардык дата эмес, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү баскычы болуп калды.

Экономикалык жактан алып караганда, Чүй облусу Кыргызстандын ички дүң продукциясынын) олуттуу бөлүгүн камсыз кылган, өнөр жай жана айыл чарбасы эң жогорку деңгээлде өнүккөн аймак. Ири ишканалардын, логистикалык борборлордун жана кайра иштетүүчү өндүрүштүн бул аймакта жайгашуусу — облустун стратегиялык маанисин көрсөтүп, өнүккөн инфраструктурасы аркылуу облус тышкы инвестицияны тартууда алдыңкы орунда турат.

 Чүй – токсондон ашык улуттун өкүлдөрү байырлаган маданий көп түрдүүлүктүн жана ички миграциянын борбору.

1 of 13
- +

1.

2.

3.

4.

5.

6.

7.

8.

9.

10.

11.

12.

13.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 128 метрлик чучукчучукЧүй облусуЧүй облусунун 100 жылдыгы
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди

Чүй облусунда Ысык-Ата-1 чакан ГЭСи ишке кирди

21.06.2024
Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт

Кара-Балта жана Токмок шаарларын өнүктүрүүгө 1 млрд сомдон бөлүнөт

06.04.2024
Чүй облусунда бир катар атамекендик ишканалар ачылып, жүздөгөн жумуш орундар түзүлүүдө

Чүй облусунда бир катар атамекендик ишканалар ачылып, жүздөгөн жумуш орундар түзүлүүдө

20.03.2024
Чүй облусунда жүзүм өстүрүлө баштайт

Чүй облусунда жүзүм өстүрүлө баштайт

22.11.2023
 УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болду

 УКМКнын Панфилов райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болду

17.11.2023
Чүйдө  дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат

Чүйдө дарыялардын агымына чакан суу сактагычтар курулат

21.08.2023
Президент Чүйдөгү бир катар үй-бүлөлөргө берилген жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күтүүсүздөн барып текшерди. Сүрөт, видео

Президент Чүйдөгү бир катар үй-бүлөлөргө берилген жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күтүүсүздөн барып текшерди. Сүрөт, видео

26.04.2023

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.