Президент Садыр Жапаров Чүйдөгү бир катар үй-бүлөлөргө күтүүсүздөн барып, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылып жатканынан жеке өзү кабар алды.
Бул тууралуу анын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Маалыматка караганда, мамлекет башчысы «Социалдык контракт» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачуу үчүн берилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгүн текшерди.
“Жапаров жергиликтүү тургундар менен болгон баарлашууда каражат даректерине толук жетип жатабы, алар чындап эле чакан ишкерликке багытталуудабы – мына ушуларды сурап, каражат алган үй-бүлөлөр бул программанын алкагында иш жүзүндө кандай пайда көрүп жатканына кызыкты. Жергиликтүү тургундар бул каражатка негизинен тигүүчү машиналарды жана мал сатып алып, ай сайын киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын айтып беришти. Ошентип, алар өз аймагында чакан бизнес ачып, үй-бүлөсү үчүн киреше алуучу булак жаралганын белгилешти”, – деп билдирди Султанбаев.
Маалымат катчы “Социалдык контракт” долбоору президент Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жатканын белгилеп, ага ылайык, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон каражат кайтарымсыз берилерин айтты.
Мындан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык сабаттуулукка үйрөтүп, бизнес-план түзүүгө жардам берип, узак мөөнөттүү бизнести ийгиликтүү жүргүзүү боюнча кеңештер берилет.
“2022-жылы бул долбоордун алкагында 2800 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилген. 2023-жылы 8 миңден ашык үй-бүлөгө чакан ишкерлик үчүн 100 миң сомдон берилди”, – деп жазды Султанбаев.
Ал ошондой эле быйыл өлкөнүн бардык аймактарынан аталган долбоорго жалпысынан 10 миңдей аз камсыз болгон үй-бүлөнү камтуу пландалып жатканын кошмчалады.