Франциянын армиясынын мурдагы офицери, аскерий талдоочу Гийом Ансель АКШнын Ормуз кысыгынан өтүп жаткан кемелердин коопсуздугун ирандык дрондордон камсыз кыла албай жатканын айтып, бул суу жолун АКШ президенти Дональд Трамп үчүн «туңгуюкка» айланган кырдаал деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Иран Ормуз кысыгын Вашингтонго каршы күчтүү рычаг катары пайдаланып жатат.
Гийом Ансель Франциянын Franceinfo телеканалына берген маегинде Ормуз кысыгындагы азыркы аскердик кырдаалды АКШ үчүн «кырсык» деп атады. Ал дүйнөдөгү эң кубаттуу армияга ээ болгонуна карабастан, АКШ дрондорго каршы аракеттенүүдө олуттуу кыйынчылыкка туш болуп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, Ормуз кысыгындагы кырдаалды аскердик жана дипломатиялык жактан өз-өзүнчө кароо зарыл.
АКШ Европа өлкөлөрүнүн жардамы менен кемелер үчүн коопсуз жана коштоп жүрүүчү коридор түзө алабы деген суроого Ансель: «Жооп айкын — жок. Анткени азыр дрондордон натыйжалуу коргонууну эч ким билбейт», — деп жооп берген.
Анын айтымында, кысыктын түштүк бөлүгүн пайдаланууга тоскоол болуп жаткан нерсе миналар эмес, дрондор. Мунун айынан кеме компаниялары аталган аймак аркылуу өтүү тобокелдигине баргысы келбей жатат.
Ал ири мунай танкерлеринин баасы өтө жогору экенин белгилеп: «Кеп 100 миллион долларлык супертанкер жөнүндө болуп жатканда, эч бир компания анын эки дрондун соккусуна кабылып, чөгүп кетүү коркунучун кабыл алгысы келбейт», — деген.
Ансель муну аскердик жактан АКШнын алсыздыгын көрсөткөн көрүнүш катары баалаган.
Ал Трамп Ормуз кысыгында түзүлгөн кырдаалдан чыгышы керектигин айтып, анын Ормуз кысыгына карата башка аталышты колдонуу аракетине ишаара кылып, «Ормуз кысыгы Трамптын кысыгы эмес, Трамптын туңгуюгу» деп билдирди.
Эске салсак, буга чейин Трамп өзүнүн Truth Social баракчасына Ормуз кысыгын чагылдырган картанын сүрөтүн жарыялап, ага “Трамп кысыгы” деген жазуу калтырган. Иран бийлиги кысык ар дайым Ирандыкы бойдон калаарын баса белгилеген.



















