Eurasiatoday
Шейшемби, 24-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Окуу китептери эмнеге базарда сатылууда? Министр менен “Учкундун” жообу

  • Коом
  • 17.09.2026 17:49

Loading

Бүгүн, 17-сентябрда Агартуу министрлигинде өткөн маалымат жыйынында өлкөнүн окуу китептерин бөлүштүрүү системасында чукул реформа башталганы жарыяланды. Анда министрлик менен “Учкун” ААКтын ортосундагы келишим расмий түрдө бузулганы белгилүү болду.

Бирок акыркы күндөрү коомчулукта чоң талкуу жараткан “Базарларда сатылып жаткан мамлекеттик китептер кимдики?” деген башкы суроого “Учкун” басмаканасынын аппарат башчысы Бек Иманалиев “биз болгону буюртманы басабыз” деп жооп кайтарды. Өз кезегинде Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева бул маселе боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылдат териштирүү иштери башталганын жана буга ведомство өзү кызыкдар болуп жаткандыгын билдирди.

Жыйынга Агартуу министрлигинин, министрликке караштуу “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемесинин, “Учкун” ачык акционердик коомунун, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Тема боюнча

АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

16.10.2026

Жыйындын жүрүшүндө, министр Д. Кендирбаева “Окуу китеби” басма үйү мамлекеттик мекемеси менен “Учкун” ААКтын ортосунда 2023-жылдын 11-мартында түзүлгөн № 83 келишим жокко чыгарылганын айтты.

“Мындан ары жергиликтүү билим берүү органдары жеке менчик мектептерден окуу китептерине болгон өтүнмөлөрдү чогултуп, министрликке жөнөтөт. Министрлик жалпыланган буюртманы борборлоштурулган тартипте “Учкун” ААКга берет. Жеке менчик мектептердеги окуучулардын саны “Күндөлүк” электрондук системасында катталган маалыматтардын негизинде бирдиктүү тартипте эсепке алынат”, – деди Догдуркүл Кендирбаева.

Министрдин айтымында, эми окуу китептерине буйрутманы Агартуу министрлиги гана кабыл алып, сатуу (жеке менчик мектептер үчүн) жана бөлүштүрүү иштерин толугу менен өз көзөмөлүнө алат. “Учкун” басмаканасынан басылып чыга турган ар бир окуу китебине атайын QR-коддор жайгаштырылат. Бул код аркылуу китептин кайсы аймакка, кайсы мектепке жана класска берилгенин, анын кыймылын түз убакытта көзөмөлдөөгө мүмкүн болот.

Окуу китептеринин “Учкун” ААК койгон баасы 185 сомдон 250 сомдун тегерегинде. Сапаты боюнча айтылган маалыматка караганда, Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жаткандыктан, китептердин мазмуну заманбап стандарттарга ылайыкташтырылган.

Депутаттардын талабы: “815 миллион сом кайда кетти?”

Бул маселе кечээ, 16-сентябрда Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, Кыргызстанда мамлекеттик мектептердин окуучуларына акысыз берилүүгө тийиш болгон окуу китептеринин базарларда сатылып жатканы боюнча укук коргоо органдары текшерүү жүргүзө баштаганы маалымдалган. Анда министрлер кабинетинин тапшырмасы менен китептердин базарга кандай жол менен түшкөнү аныкталары белгилүү болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев базарларда мамлекеттик мектепке арналган окуу китебин сатып алганын билдирип, мектептерде китеп жетишсиз болуп жатканын айткан.

“Мектепте окуу китеби жок. Окуу китептери базарда сатылууда. Бүт окуу китептери базарда сатылып жатат. Мына, бул китеп “Учкун” басмаканасынын китеби. Математика, 3-класс. Биз китепке делген 600 миллион сомду каякка бөлүп жатабыз? Базаргабы? Базарда сатылсын деп бөлүп жатабызбы? Мында, “сатууга болбойт” деп турат. Бүт “Дордойдо” жүрөт. Мектепте китеп жок деп ыйлап жатышат. Биз акчаны кайда бөлүп жатабыз? Бул коррупция. “Учкундан” алып, муну бирөө сатып жатат. Биз китептер бекер берилсин деп акча бөлүп жатабыз, тигил жакта болсо, базарга чыгарып жатышат”, – деген депутат Дастан Бекешов.

Ал эми Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Улукбек Карыбек уулу окуучулардын китептерин чыгарууда корогон чыгым жана китептердин базарда сатылышы боюнча отчёт талап кылды.

“Мурда мектептердеги китептерге 70-100 миллион сом бөлүнсө, акыркы жолу 815 миллион сом бөлүнүптүр. Бирок, бүгүнкү күндө ата-энелер базардан китеп сатып алып жатышат. 815 миллион сом каражат кайда кетти? Агартуу министрлиги “Учкун” басмаканасынан чыгып, мектепке жеткенге чейинки китептердин бир тыйынынан бери отчёт берсин. Китептердин жетишсиздиги боюнча жүрүп жаткан иликтөөнүн жыйынытыгын ачыктасын”, – деген Улукбек Карыбек уулу.

Анын айтымында, көйгөйдүн тамыры, биз 2022-жылы сатып-алууларга өзгөртүү киргизип, эч бир тоскоолдуксуз “Учкун” басмаканасына өткөрүп бергенибизде жатат. Тендер жоктугунан каалагандай калчап, отчёт деген жок болуп жатат”, – деген депутат.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: 12 жылдык окуукитепмектеп
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Эмгек кодексин өзгөртүү демилгеси: пенсионер мугалимдердин маселеси кандай чечилиш керек?

Эмгек кодексин өзгөртүү демилгеси: пенсионер мугалимдердин маселеси кандай чечилиш керек?

29.10.2026
АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

АКШдагы мектепте ок атышуу болуп, үч окуучу, бир мугалим каза тапты

16.10.2026
Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

Хижаб талашы: Израиль Азербайжандын Иран жана Түркия менен мамилесин бузууга кызыкдарбы?

15.10.2026
Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

Бишкектеги ирандыктардын мектебинде жаңы окуу жылы башталды. Сүрөт

23.09.2026
Президент китеп басууга  7 млрд. сом бөлдү. Эми көйгөй жоюлабы?

Президент китеп басууга 7 млрд. сом бөлдү. Эми көйгөй жоюлабы?

18.09.2026
PISA-2025 жыйынтыгы: Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли кандай?

PISA-2025 жыйынтыгы: Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли кандай?

11.09.2026
PISA-2025: Тажикстанда негизги предметтер боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жеткен окуучулар дээрлик жок

PISA-2025: Тажикстанда негизги предметтер боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жеткен окуучулар дээрлик жок

11.09.2026
Бишкекте кыргыз тилинде басылган “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китебинин бет ачары болду 

Бишкекте кыргыз тилинде басылган “Жаңы Өзбекстан: Шавкат Мирзиёевдин жолу” китебинин бет ачары болду 

22.07.2026
Өзбекстанда абакта китеп окугандардын жаза мөөнөтүн кыскартуу тартиби бекитилди

Өзбекстанда абакта китеп окугандардын жаза мөөнөтүн кыскартуу тартиби бекитилди

16.06.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

Иран парламенти Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен чыгуу боюнча мыйзамды чукул арада кабыл алууга даяр

23.11.2026
Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

Иран АКШнын аракеттеринен улам коргонуу доктринасын кайра карап чыгышы мүмкүн

21.11.2026
Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.