Ирандын баскетбол боюнча курама командасы Иорданияны жеңип, 2026-жылкы Азия оюндарынын жарым финалына чыкты.
Pars Today агенттигинин маалыматына караганда, шаршемби күнү эртең менен Япониянын Нагоя шаарында өткөн 2026-жылкы Азия оюндарынын чейрек финалдык беттешинде Ирандын курама командасы Бахрейндин командасы менен ойноп, 79:74 эсебинде жеңишке жетишти.
Иран биринчи жана экинчи чейректерде тиешелүүлүгүнө жараша 21:17 жана 22:17 эсебинде алдыга чыкты. Үчүнчү чейрек 21:17 эсебинде Бахрейндин пайдасына аяктаса, төртүнчү чейректе командалар 19:19 эсебинде тең чыгышты.
Иран курамасында бул беттеште эң көп упай топтогондор Мохаммад Джамшиди — 20 упай жана Мохаммад Хейдариш — 19 упай болушту.



















