Өзбекстан менен Азербайжандын президенттери Түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюшту. Анда тараптар өз ара мамилелерин ишенимге, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негиздей турганын билдиришти. Алар өнүгүү жолун тандоодо бири-бирин колдоп, бири-бирине каршы багытталган эч кандай аракеттерге катышпоого макул болушту.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жана Ташкентте өткөн Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйынынын жыйынтыгында жекшемби күнү Түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюшту.
Президенттердин катышуусунда ошондой эле 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча программа, маданият, туризм жана пенсиялык камсыздоо тармактарындагы кызматташтык тууралуу келишимдер, ошондой эле Үргөнч менен Ханкенди, Үргөнч менен Нахчыван, Бухара менен Лачын шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү боюнча протоколдор кабыл алынды. Мындан тышкары, эки өлкөнүн тышкы иштер жана юстиция министрликтеринин ортосунда кызматташуу программаларына кол коюлду.

Түбөлүк достук жөнүндө келишимде эмне айтылат?
Азербайжандык жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялаган келишимдин текстине ылайык, тараптар өз ара мамилелерин түбөлүк достукка, өз ара ишенимге, стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштыкка негиздей турганын ырасташты. Алар жалпы таанылган эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын жетекчиликке алышат.
Тараптар өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайык келген өнүгүү жолдорун жана моделдерин тандоодо бири-бирин колдоого, ошондой эле түпкү кызыкчылыктарына тиешелүү негизги маселелер боюнча бири-биринин позициясын колдоого макулдашты.
Өлкөлөр бири-биринин суверенитетине, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүүчү кандайдыр бир блокторго же союздарга катышпоого, ошондой эле бири-бирине каршы багытталган эч кандай аракеттерге катышпоого милдеттеништи.

Тараптар ошондой эле үчүнчү мамлекеттердин өз аймактарын экинчи тараптын мамлекеттик суверенитетине, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө зыян келтирүү максатында пайдалануусуна жол бербейт.
Өзбекстан менен Азербайжан парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө, укуктук кызматташтыкты, соода-экономикалык, гуманитардык жана маданий байланыштарды чыңдоого, ошондой эле ар түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Ошондой эле алар өз ара байланышкан транспорттук системаны чыңдоо үчүн шарттарды түзүүгө макулдашышты.
Келишимде тараптар жаңжалдардын алдын алууда жана аларды жөнгө салууда, ошондой эле аймактык жана глобалдык коопсуздук менен туруктуулук көйгөйлөрүн чечүүдө БУУнун борбордук ролун бекемдөөгө берилгендигин ырасташты.
Белгисиз мөөнөткө түзүлгөн документте анын үчүнчү мамлекеттерге каршы багытталбаганы жана тараптар катышуучу болуп саналган башка эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерден келип чыккан укуктары менен милдеттенмелерине таасир этпегени өзгөчө белгиленет.















