Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Жо Кент: Вашингтон Ирандын аймактагы таасирин моюнга алышы керек

  • Америка, Батыш Азия, Саясат
  • 20.07.2026 17:09

Loading

АКШ бир нече айга созулган аскердик тирешүүдөн кийин Ирандын аймактагы таасири кыйла күчөгөнүн моюнга алышы зарыл.

Бул тууралуу АКШнын Терроризмге каршы улуттук борборунун мурдагы жетекчиси Жо Кент билдирип, согуш аракеттерин улантуу Вашингтондун стратегиялык ийгиликсиздигин дагы да тереңдетерин эскерткен.

Ал бул пикирин 19-июль күнү социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган. Анын айтымында, акыркы жаңжалдар Батыш Азиядагы геосаясий абалды түп-тамырынан өзгөртүп, АКШнын мурдагы стратегиясы актуалдуулугун жоготту.

Тема боюнча

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026

«Бул согуш аймактагы күчтөрдүн тең салмагын өзгөрттү. Иран күчтүү аймактык державага айланды. Биз муну канчалык эрте моюнга алып, саясатты жаңы реалдуулукка ылайыкташтырсак, АКШнын позициясы ошончолук бекем болот», — деп жазган ал.

Кенттин айтымында, Вашингтондун аскердик өнөктүгү коюлган стратегиялык максаттарына жете алган жок. Ал Иранга каршы кеңири масштабдагы кургактыктагы операция жүргүзүү аракети АКШ үчүн «стратегиялык кырсыкка» айланып, чоң жоготууларга жана аймактагы туруксуздуктун күчөшүнө алып келиши мүмкүн экенин белгилеген.

Ошондой эле ал Ирандын Жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге каршы жасалган кол салуу аракети күтүлгөндөй натыйжа бербестен, тескерисинче, Иран коомунун ички биримдигин чыңдап, элдин өкмөт менен Ислам революциясынын сакчылар корпусунун айланасына дагы бекем биригишине себеп болгонун айткан.

Кент согуштук аракеттерди токтотууга чакырып, АКШга аймактагы аскерлерин, аскердик базаларын жана деңиз күчтөрүн акырындык менен чыгарып кетүүнү сунуштаган. Анын пикиринде, мындай кадам Иран аскердик чыңалуунун негизги себеби деп эсептеген факторлорду азайтып, Ормуз кысыгы аркылуу эл аралык кеме каттамын толук калыбына келтирүүгө жардам берет.

Ал ошондой эле АКШнын аймактагы көптөгөн аскердик объектилери мурдагыдай стратегиялык артыкчылык эмес, тескерисинче кошумча жүккө айланганын белгилеген. Бул объектилерди кыскартуу Ирандын АКШ күчтөрүнө сокку уруу ыктымалдыгын азайтып, дүйнөдөгү эң маанилүү энергетикалык жолдордун бири болгон Ормуз кысыгындагы коопсуздукту чыңдайт деп эсептейт.

Кенттин пикиринде, аймактагы чыңалуу басаңдагандан кийин АКШ санкцияларды жумшартып, ал эми Иран Ормуз кысыгы аркылуу эркин кеме жүрүшүнө кепилдик берсе, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди кайра жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эске салсак, Жо Кент 2026-жылдын 17-мартында кызматынан кетип, АКШнын Иранга каршы аскердик өнөктүгүн мындан ары колдой албасын билдирген.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: АКШЖо Кентиран
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

18.11.2026
Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

18.11.2026
Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

АКШ Жакынкы Чыгышта бункерлерди курат

17.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.