Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу кайрадан күчөп, талаштын чордонунда кайрадан дүйнөлүк энергетика үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Ормуз кысыгы турат. АКШнын президенти Дональд Трамп бул аймактагы коопсуздукту камсыздоо үчүн жаңы чараларды жарыялап, Ирандын портторуна каршы деңиз блокадасы кайра киргизилерин жана кысык аркылуу өткөн жүктөрдөн 20 пайыздык жыйым алынарын билдирди. Бул билдирүү Тегерандын кескин нааразылыгын жаратып, Иран бийлиги Ормуз кысыгын башкарууга эч кимдин кийлигишүүсүнө жол бербей турганын билдирди.
АКШнын Ормуз кысыгын өз көзөмөлүнө алуу ниети
13-июлда АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Ирандын портторуна каршы деңиз блокадасын кайра киргизерин жана Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыздоо үчүн кысык аркылуу ташылган жүктөрдөн төлөм катары 20 пайыздык жыйым алынарын билдирди.
«Мындан ары АКШ “Ормуз кысыгынын коргоочусу” катары белгилүү болот. Адилеттүүлүк принцибинин негизинде дүйнөнүн бул туруксуз аймагындагы коопсуздукту камсыздоого кеткен бардык чыгымдардын ордун жабуу үчүн ташылган бардык жүктөрдүн наркынын 20 пайызы өлчөмүндө төлөм алынат», — деп түшүндүрдү Трамп.
Анын айтымында, бул демилгени ишке ашыруу процесси жакын арада башталат.
Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунай соодасынын болжол менен 25 пайызы жана суюлтулган жаратылыш газынын 20 пайызы ташылат.
Тегеран өз кезегинде АКШнын Ормуз кысыгын башкарууга кийлигишүүсүнө жол бербей турганын билдирди.
Ормуз кысыгынын кожоюну — Иран
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Тегеран Ормуз кысыгын ар дайым көзөмөлдөп келгенин жана мындан ары да башкарууну улантарын билдирди.
«Иран Ормуз кысыгынын ар дайым сакчысы болуп келген жана түбөлүккө ошондой бойдон калат», — деп жазды ал X социалдык тармагындагы баракчасына.
Арагчи ошондой эле АКШнын президенти Дональд Трамптын бул стратегиялык суу жолун көзөмөлгө алуу жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн 20% өлчөмүндө төлөм киргизүү ниети тууралуу билдирүүсүнө да комментарий берди.
«Албетте, 20% өтө эле көп. Биз адилеттүү болобуз», — деп белгиледи Ирандын тышкы иштер министри.
Трамптын билдирүүсүнө Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Эбрахим Резаи да жооп кайтарды.
Резаи X соцтармагындагы баракчасына Трамптын АКШ мындан ары «Ормуз кысыгынын сакчысы болот» деген сөзүнө комментарий берип: «Бизге Ормуз кысыгын коргоо үчүн чет элдик жалданма күчтөрдүн кереги жок!» — деп жазды.
Муну менен Тегеран АКШнын Ормуз кысыгын көзөмөлдөө аракеттерин кескин четке кагарын жана бул стратегиялык суу жолунун коопсуздугун камсыз кылууну өзүнүн эгемендүү милдети деп эсептей турганын ачык билдирди.
Иран күчтөрүнүн АКШга жана аймак өлкөлөрүнө эскертүүсү
Ирандын күчтөрү да АКШнын Ормуз кысыгын башкарууга кийлигишүүсүнө жол бербей турганын убада кылды.
Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн “Хатам аль-Анбия” борбордук штабынын басма сөз катчысы Эбрахим Зольфагари АКШнын Ормуз кысыгындагы аракеттерине байланыштуу “коопсуздуктун ар кандай бузулушуна” чечкиндүү жооп кайтарарын билдирди.
“Биз эч кандай шартта АКШнын Ормуз кысыгын башкарууга кийлигишүүсүнө жол бербейбиз”, – деди Зольфагари.
Ал Иран аймактык өлкөлөр менен АКШнын ортосундагы аскердик кызматташтыкты өзүнүн эгемендүүлүгүн бузуу катары карай турганын кошумчалады.
АКШ менен Ирандын ортосундагы сокку алмашуулар 8-июлда кайрадан башталган. Андан соң Трамп ок атышууну токтотуу режими аяктаганын билдирген. Иран Ормуз кысыгын жапканын жарыялаган.















