Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) Суданда холеранын жайылышына байланыштуу кырдаал барган сайын начарлап жатканын эскертти. Уюмдун маалыматына ылайык, жаанчыл мезгилдин башталышы менен ооругандардын жана каза болгондордун саны кыйла көбөйүшү мүмкүн.
ДСУнун Судандагы өкүлү Шибле Сахбани Женева шаарында өткөн маалымат жыйынында холера өлкөнүн көптөгөн провинцияларына, айрыкча Дарфур жана Кордофан аймактарына жайылганын билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда расмий түрдө 1330дан ашуун адамдан холера аныкталып, 114 адам каза болгон. Бирок Түндүк Кордофандан куралдуу кагылышуулардан улам жүз миңдеген адамдар качып кеткендиктен, каза болгондордун чыныгы саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн.
Сахбани белгилегендей, өлкөдө кайра күчөгөн холеранын жайылышы токтобой уланууда. Жаанчыл мезгилдин келиши менен оорунун дагы кеңири жайылып, ооругандардын жана каза болгондордун саны өсүшү ыктымал.
Анын айтымында, холерадан өлүмдүн эсептик көрсөткүчү 13,7 пайызга жетти. ДСУ бул көрсөткүчтү өтө жогору деп баалоодо. Уюм жаанчыл мезгил оорунун андан ары жайылышына шарт түзүшү мүмкүн деп кооптонууда.
Сахбани ошондой эле Түндүк Кордофан Судандын армиясы менен Ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн (RSF) ортосундагы негизги согуш аймактарынын бири бойдон калып жатканын белгиледи. Мунун кесепетинен аймактын саламаттык сактоо системасына өтө чоң күч келип жатат.
Өзгөчө тынчсызданууну Түндүк Кордофандын административдик борбору болгон Эль-Обейд шаарында инфекциянын жайылып кетүү коркунучун жаратууда. Медициналык мекемелер мүмкүнчүлүгүнүн чегинде иштеп жатат, ал эми калктын медициналык жардамга жетүүсү өтө чектелүү бойдон калууда.
Мындан тышкары, ДСУ Эль-Обейд шаарына алдын ала 25 миңден ашуун адамга медициналык жардам көрсөтүүгө жетиштүү дары-дармек жана медициналык каражаттарды жөнөткөнүн маалымдады. Бирок бул жетишсиз экенин белгилеген Шибле Сахбани эл аралык өнөктөштөрдү жана донорлорду аймакка медициналык жабдууларды жана гуманитардык жардамды жеткирүүгө көмөк көрсөтүүгө чакырды.















