Президенттер Шавкат Мирзиёев менен Александр Лукашенко Минск шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшту. Лидерлер соода жүгүртүүнү $2 миллиардга чейин жеткирүү, өнөр жай кооперациясын кеңейтүү жана Өзбекстанда курулуп жаткан АЭС инфраструктурасында беларус тажрыйбасын колдонуу боюнча макулдашышты.
Аnhor.uz маалымат агенттигинин жазганына караганда, лидерлер жолугушуудан кийин маалымат каражаттарына эки тараптуу билдирүү жасашкан.
Алар стратегиялык өнөктөштүктүн орношун кайрадан ырасташып, декларацияга кол коюу менен расмий түрдө бекитилгендигин билдиришкен. Ал эми президент Шавкат Мирзиёев Беларуска болгон бул эки күндүк сапарын эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы маанилүү этап деп атаган.
“Тараптар ошондой эле соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин көбөйтүү боюнча комплекстүү план кабыл алынганын жарыялашты. Бул планга айыл чарба, машина куруу, фармацевтика, электротехника, микроэлектроника, текстиль жана эмерек тармактарындагы биргелешкен долбоорлор кирет”,- деп айтылат маалыматта.
Өлкөлөр Беларустун Өзбекстандагы биринчи атомдук электр станциясын куруу жана зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүү боюнча тажрыйбасын пайдаланууга макулдашышкан. Мындан тышкары, Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана туризм жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, ушул жылы медицина, билим берүү жана туризм боюнча биргелешкен форумдар пландаштырылууда.
Лидерлердин айтымында, жетишилген келишимдер стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана эки өлкөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууга багытталган.



















