Eurasiatoday
Жума, 20-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Түркмөнстан менен Иран бир туугандык мамилени сактап келет

  • Түркмөнстан
  • 08.07.2026 16:08

Loading

Түркмөнстан менен Иран көп жылдан бери жакшы коңшулук жана бир туугандык мамилелерди сактап келет.

Бул тууралуу Гурбангулы Бердымухамедов Иранга болгон сапарынын алкагында мамлекеттик IRIB телерадио компаниясынын кабарчысы Мохсен Хосейниге берген маегинде билдирди.

Бердымухамедов маегинде шейит Сейед Али Хаменеи менен көп жылдар бою болгон жолугушуулары тууралуу эскерип, Түркмөнстан менен Ирандын кызматташтыгына, ошондой эле өлкөнүн тынчтыкты жана жакшы коңшулукту көздөгөн саясатына токтолду.

Тема боюнча

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026

Ал Түркмөнстан менен Иранды өз ара урматтоого жана тарыхый байланыштарга негизделген коңшу, бир тууган мамлекеттер деп атады. Анын айтымында, аятолла Сейед Али Хаменеи менен алгачкы жолугушуусу 1998-жылы болгон. Кийинки жылдары ар кандай мамлекеттик кызматтарды аркалап жүргөндө да Хаменеи менен бир нече жолу жолуккан.

Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы бул жолугушуулар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгиледи. Анын айтымында, Хаменеи ар бир жолугушууда түркмөн жана иран элдеринин ортосундагы байланышты жогору баалап, мындай деп айтчу:

«Силер биз үчүн жөн гана коңшу эмессиңер, чыныгы бир туугансыңар».

Бердымухамедов эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык экономика менен гана чектелбестен, аймактагы жана дүйнөдөгү тынчтык менен туруктуулукту камсыздоо маселелерин да камтый турганын баса белгиледи.

Ал ошондой эле жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу элдерди жакындаткан маанилүү иш экенин белгилеп:

«Түркмөнстан менен Иран биргелешип көптөгөн автомобиль жолдорун, темир жол тармактарын жана көпүрөлөрдү куруп ишке ашырышты», — деди.

Соода-экономикалык кызматташтык тууралуу сөз кылган Бердымухамедов эки өлкөнүн ортосунда газ түтүктөрү, электр берүү линиялары жана транспорттук инфраструктура объектилери курулганын айтты. Анын маалыматына ылайык, айрым жылдары эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард АКШ долларынан ашкан.

Ошондой эле ал узундугу 1500 чакырымдан ашкан мамлекеттик чек ара ар дайым достуктун жана бир туугандыктын символу катары каралып келгенин белгиледи.

Тарыхый жана маданий мурас тууралуу сөз кылган Бердымухамедов эки элдин окумуштууларынын, акындарынын жана жазуучуларынын байланышы кылымдардан бери уланып келерин айтты. Ошондой эле Гүлистан провинциясында үч миллиондон ашуун түркмөн жашай турганын белгиледи.

Анын айтымында, Иран жеринде коюлган түркмөн элинин улуу акыны жана ойчулу Махтымкули Фрагинин мурасы эки эл үчүн тең орток руханий байлык болуп саналат.

Дүйнөдөгү азыркы татаал кырдаалга токтолгон Бердымухамедов Түркмөнстан тынчтыкты жана гуманитардык баалуулуктарды бекем карманарын билдирди. Анын айтымында, өлкө «ачык эшик» саясатын жүргүзүп, эл аралык мамилелерде бейтараптуулук, тең укуктуулук жана өз ара урматтоо принциптерине таянат.

Бердымухамедов сөзүнүн соңунда мындай деди:

«Согушта жеңүүчү болбойт. Анткени атылган ок кимге тийерин тандабайт. Анын алдында бала турабы же жоокер турабы — ал үчүн эч кандай айырма жок».

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Гурбангылу Бердимухамедовираниран-түркмөн кызматташтыгыТүркмөнстан
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

Ирандын абадан коргонуу күчтөрү Ормуз кысыгынын аймагында америкалык MQ-9 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүрдү

19.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

Кытай Ирандын эгемендигин колдойт жана санкцияларды жоюуга чакырат

19.11.2026
Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

Ирандын чек аралары каршылаш тараптын кысымына карабастан толук корголгон

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

Иран америкалык аскерлерди Түштүк уюлга чейин сүрүп чыгарат

18.11.2026
Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

Россия Ирандын өзөктүк объектилерине жасалган соккуларды мыйзамсыз деп атап, чыңалууну басаңдатууга чакырды

18.11.2026
Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

Аракчи: Ирандын Вашингтондо химиялык курал колдонору тууралуу айыптоолор — курулай сөз

18.11.2026
Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

Иран өзөктүк бомбага караганда алда канча жогорку илимий деңгээлге жетти — шейит болгон ирандык физик-ядерщиктин уулу

18.11.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
217 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.