Үстүбүздөгү жылдын 28-февралында АКШ менен Израилдин Иранга каршы чабуулунда каза болгон Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин сөөгү Иракка да жеткирилип, ал жерде өзүнчө коштошуу аземдери уюштурулат.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эсмаил Багаи Тегеранда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, Иран менен Ирактын бийликтери коштошуу зыйнаттарын өткөрүүгө байланыштуу бардык зарыл консультацияларды жүргүзүшкөн. Ошондой эле Иракта ирандык тарап менен биргеликте иш алып баруу үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлгөн.
Ал эми коштошуу жана акыркы сапарга узатуу иш-чараларын уюштуруу штабынын катчысы Али Акбар Пуржамшидиан маалымат жыйынында сүйлөп жатып, аятолла Али Хаменейдин сөөгү 8-июлда Иракка жөнөтүлөрүн маалымдады.
Хаменеинин сөөгү Ирактын Кербала жана Наджаф шаарларына жеткирилет.
28-февралда АКШ менен Израиль Иранга каршы аскердик операция баштаган. Чабуулдардын негизги буталарынын катарында Тегеран баш болгон Ирандын ири шаарлары болгон. Бул соккулардын кесепетинен Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана өлкө жетекчилигиндеги дагы бир катар жогорку даражалуу адамдар каза болгон.
Азыркы тапта Иранда аятолла Али Хаменеи менен коштошуу, жаназа окуу жана жерге берүү аземдерине карата ири масштабдагы аза күтүү иш-чараларына даярдык жүрүп жатат. Тажияга Тегеранда 6 миллиондон 17 миллионго чейин адамдын келиши күтүлүүдө. Кум шаарында 3–5 миллион, ал эми Мешхедде 3,5–8 миллионго чейин адам чогулушу мүмкүн. Жалпысынан өлкө боюнча катышуучулардын саны 35 миллионго чейин жетиши ыктымал.
Жарыяланган графикке ылайык, Хаменеи менен коштошуу аземи 4–5-июль күндөрү Тегерандагы “Мосалла” комплексинде өтөт. Негизги аза күтүү зыйнаты 6-июлда Кум шаарында өткөрүлөт. Андан кийин, 8-июлда маркумдун сөөгү Иракка жеткирилет. Ал эми акыркы коштошуу жана жерге берүү аземи 9-июлда Мешхед шаарында өтөрү пландалууда.
Мындан тышкары, бийлик өкүлдөрү коштошуу аземин өткөрүүнүн өзгөчө вариантын да карап жатышат.
Маалыматтар боюнча, акыркы сапарга узатуу жүрүшүнүн айрым бөлүгүн аба транспорту аркылуу өткөрүү мүмкүнчүлүгү талкууланууда. Бул чечимге Хаменеи менен коштошууга өтө көп адам келери күтүлүп жатканы себеп болууда. Бийликтин пикиринде, аба транспорту колдонулса, элдин топтолушун жакшыраак көзөмөлдөөгө жана тыгын же адамдардын тебелендиде калышы сыяктуу кооптуу жагдайлардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.


















