Туристтик сезон башталган учурда өлкөбүздүн эң алыскы аймагы болгон Баткен облусунун жашоочулары Ысык-Көлгө түз уча алышат. Бул тууралуу “Баткен таңы” гезити билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 16-июлунан тартып Баткен – Тамчы – Баткен багыты боюнча жаңы аба каттамы ишке кирет. Каттамды Asman Airlines компаниясы аткарат.
Учактар ар бейшембиде түшкө чейин учат. Учуу убактысы бир саатты, ал эми билеттин баасы 6500 сомду түзөт.
Белгилей кетүүчү жагдай, Баткен облусунун Ысык-Көлдө эс алууну каалаган жашоочулары алгач Бишкек шаарына 14-16 саат жеңил унаа менен жол жүрүшүп, андан соң туристтик аймакка дагы 4-5 саат жол жүрүшөт. Натыйжада убакыт жана акча каражаты көп чыгым болот.



















