Ирандын Катардагы жалпы активдеринин көлөмү 12 миллиард долларды түзөт.
Иран менен Катар Катарда сакталган 12 миллиард долларлык ирандык активдердин 6 миллиард долларын бошотуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан билдирди.
Иран президентинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Пезешкиан мындай деди:
«Жетишилген макулдашууга ылайык, Катарда сакталган Ирандын жалпы 12 миллиард долларлык каражатынын 6 миллиард доллары бөгөттөн чыгарылып, өлкөгө кайтарылат. Ошондой эле калган каражаттарды кайтаруу боюнча зарыл иштер улантылууда», — деди ал.
20-июнда The Wall Street Journal гезити АКШ менен Катар Ирандын тоңдурулган активдеринин бир бөлүгүн гуманитардык товарларды сатып алуу үчүн пайдалануу механизмин иштеп чыгып жатканын жазган.
Басылманын маалыматына ылайык, биринчи этапта Тегеран Катарда сакталган 6 миллиард долларлык каражатка жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн.

















