АКШнын ортомчулугу менен Израиль менен түзүлгөн келишимден кийин Ливандын борбору Бейрутта нааразылык акциялары тутанды. Бул тууралуу Press TV телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, демонстранттарды таратуу үчүн Ливан армиясы күч колдонду. Нааразылык акциялары шаардын бир нече районунда, анын ичинде өкмөттүк кварталда өттү. Өкмөттүн чечимине каршы чыккандар автоунаа дөңгөлөктөрүн өрттөп, аскерлерге таш ыргытышты.
ТАСС агенттигинин маалыматына ылайык, кийинчерээк борбордук Бейрутка «Хезболла» кыймылынын тарапкерлери мотоциклдер менен кирип барышкан. Бир аз убакыттан кийин Ливандын армиясы бул аймакты кайрадан өз көзөмөлүнө алган.
Аскердик патрулдар менен демонстранттардын кагылышуусу аэропортко алып баруучу автоунаа жолунда да катталып, нааразылыкка чыккандар аскерлерди таш бараңга алышкан.
Азырынча тартипсиздиктерге катышкан адамдардын кармалганы тууралуу маалымат жок.
Ошондой эле шииттер жашаган райондорго жакын жайгашкан Рамлет аль-Бейда жээгинде да митинг өткөн.
Макаланын акыркы бөлүгүндө төмөнкүдөй пикир келтирилген:
«Сыягы, Ливандын жетекчилиги өз өлкөсүнүн аймактарын жана он миңдеген ливандыктардын өмүрүн америкалык инвестициялардын ордуна, өз кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалууну чечкендей».



















