Амстердамда беткап кийген белгисиз адамдар футболдук мелдештен кийин израилдик футбол күйөрмандарына кол салып, 12ге жакын адам жарадар болуп, кеминде 57 киши камакка алынган, деп жазат Ynet.
Беткап кийген адамдардын кол салуусу Европа Лигасынын алкагында Тель-Авивдин “Маккаби” менен жергиликтүү “Аякс” командасынын ортосундагы футбол беттешинен кийин болгон. Кол салгандардын айрымдары Палестинанын желектерин көтөрүп, “Эркин Палестина” жана башка Палестинаны колдогон ураандарды кыйкырып жатышты.
Социалдык тармактарда израилдиктерди кыйкырып, тепкилеп, мушташкан видеолор тарады. Кошумчалай кетсек, кол салгандар израилдик күйөрмандар жаткан мейманканалардын бирине кирүүгө аракет кылышкан.
Фото: EPA/ТАСС


















