Ливандын аймагындагы Израиль армиясынын тик учак менен аскерлерди түшүрүү операциясы үзгүлтүккө учурап, курчоого алынды.
Бир нече саат мурда израилдик режимдин армиясынын тик учактары Жабал аш-Шейх тоолорунда (Сирия менен Чыгыш Ливандын чек арасы) байкалган. Израилдик коммандостор жана десантчылар Ливан армиясынын формасын кийип, алдоо жолу менен Наби-Чит аймагына кирип кетүүгө аракет кылышкан.
Израилдик жоокерлердин планы Бекаа өрөөнүнүн тургундарынын кыраакылыгынын аркасында тез эле ачыкка чыгып калган. Баскынчы күчтөр дароо каршылык күчтөрү жана жергиликтүү тургундар тарабынан аныкталып, курчоого алынган.
Израилдик маалымат каражаттары бул кабарды тастыктап, аймакка түшүрүлгөн аскерлердин тагдыры азырынча белгисиз экенин билдиришкен.
Ливандын Хезболла кыймылынын күчтүү ок атуусу ушунчалык катуу болуп жаткандыктан, израилдик тик учактар жана жардамга келе турган күчтөр курчоодо калган аскерлерди куткаруу үчүн аймакка жакындай албай жатышат.
Израил армиясынын цензура башкармалыгы бул окуя боюнча так маалыматты ички медиа каражаттарына жарыялоого тыюу салганы айтылууда.


















