Япониянын Хонсю аралынын түндүк-чыгышындагы Аомори жана Иватэ префектураларында болгон жер титирөөдөн кийин 114 башталгыч жана орто мектептин иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технология министрлиги билдирди.
Учурда адистер мектептердин абалын текшерип, имараттарда кандайдыр бир бузулуулар бар-жогун аныктап жатышат. Билдирүүгө ылайык, кырсык болгон аймакта окуучулар же билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жабыркаганы тууралуу маалымат жок.
Япониядагы жер титирөө 26-июнь, жума күнү катталган. Анын күчү 5,8 магнитудага жеткен. Сейсмологдор мындай күчтөгү жер титирөөнү имараттарга орточо деңгээлде зыян келтириши мүмкүн болгон күчтүү жер титирөө катары баалашат.
Жер титирөөнүн очогу Тиба префектурасындагы Тогане шаарынан түндүк-чыгышка карай 14 чакырым, ал эми Нарита шаарынан түштүк-чыгышка карай 26 чакырым аралыкта жайгашкан. Бул аймак Токиодон болжол менен бир сааттык жолдо жайгашат.
Жер титирөөнүн очогу 56 чакырым тереңдикте катталган.


















