Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино 2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын футбол тарыхындагы эң ийгиликтүү иш-чара деп эсептей турганын билдирди. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы маалымдады.
«Стадиондор көрүүчүлөргө жык толгон, шаарларда майрамдык маанай өкүм сүрүүдө, атмосфера эң сонун. Күйөрмандардын арасында үй-бүлөлөр, балдар жана аялдар көп болуп жатканы өзгөчө кубандырат», — деди Инфантино.
Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 11-июнда башталып, 19-июлга чейин АКШ, Mексика жана Канадa өлкөлөрүндө өтөт.
Дүйнөнүн учурдагы чемпиону — Aргентинa курама командасы. Алар 2022-жылдагы турнирдин финалында Франция курама командасын жеңген.
Буга чейин 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын экинчи турунда Өзбекстан курама командасы Португалия курамасынан 0:5 эсебинде утулгандан кийин, команданын башкы машыктыруучусу Фабио Каннаваро жана футболчулар бул турнирге катышуу улуттук команда үчүн маанилүү тажрыйба экенин билдиришкен.
Өз кезегинде Өзбекстан футбол ассоциациясынын биринчи вице-президенти Равшан Ирматов эсеп 2:0 болуп турган учурда Өзбекстандын голу эсептелбей калганын айтып, бул эпизодду бир аз адилетсиз деп атаган.
«Кандай болгон күндө да, биз өнүгүү баскычынан өтүп жатабыз. Урматтуу президентибиз бардык шарттарды түзүп берди. Болгону бир аз убакыт керек. Биринчи класстын окуучусу тогузунчу класстын окуучусу менен атаандаша албайт. Биз — биринчи класс, алар — тогузунчу класс. Өзбекстанда чоң мүмкүнчүлүк бар. Жылдар өтөт, ошондо Португалия сыяктуу командалар да Өзбекстанга каршы ойноодон чочулай баштайт», — деп белгиледи ал.

















