БУУнун отчетуна ылайык, балдарды бутага алуу Израиль бийлигинин жана коопсуздук күчтөрүнүн геноциддик ниетин көрсөтүп турат.
Израиль палестиналык балдарды атайылап бутага алуу менен геноцид жана башка мыкаачылык кылмыштарын жасоону улантууда. Бул тууралуу БУУнун оккупацияланган Палестина аймактары боюнча көз карандысыз эл аралык иликтөө комиссиясынын отчетунда айтылат.
“Израиль бийлиги жана коопсуздук күчтөрү Газа тилкесиндеги палестиналык балдарды атайылап бутага алып, геноцидди, адамзатка каршы кылмыштарды жана согуш кылмыштарын жасап жатышат”, – деп айтылат отчетто.
Ошондой эле, Израиль оккупацияланган Батыш жээкте согуш кылмыштарын жасап жатканы белгиленет.
Анда “Израилдин кеңири масштабдуу жана системалуу чабуулдары уланып, палестиналык балдар арасында болуп көрбөгөндөй өлүмгө, жаракат алууга жана травмага алып келгени” баса белгиленет.
“Балдарды бутага алуу Израиль бийлигинин жана коопсуздук күчтөрүнүн Газадагы палестиналыктарды толугу менен же жарым-жартылай жок кылууга багытталган геноциддик ниетин көрсөткөн негизги элемент экенин кайталайбыз”, – деп айтылат отчетто.
Баяндаманын авторлору балдарга оор физикалык жана психикалык травманын, ата-энесинен айрылуунун, жакындарынан ажырап калуунун, майыптыктын, кайталанган жер которуунун, ачарчылыктын жана билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларынын кыйрашынын терс таасирине көңүл бурушат. Алар бул кырдаал Газанын балдарына өмүр бою таасир этерин белгилешет.



















