Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун “Загулба” сарайындагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин «Достлук» мунай танкерин тапшыруу аземи өттү. Иш-чара эки өлкөнүн расмий делегацияларынын катышуусунда видеоконференция аркылуу өттү.
Бул тууралуу «Түркмөнстан» гезитинин электрондук басылмасы маалымдады.
Танкерди өткөрүп берүү аземи Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Бакуга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Азербайжандын маалымат каражаттарынын билдиришинче, танкер Баку кеме куруу заводу тарабынан курулган. Анын узундугу 141 метрди, туурасы 16,9 метрди түзөт. Чөгүү тереңдиги 4,54 метр болсо, жалпы жүк көтөрүмдүүлүгү 7 875 тоннага жетет.
Учурда Баку кеме куруу заводу 14 кемени куруу жана 170тен ашык кемени оңдоо долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырган. Бүгүнкү күндө ишкананын портфелинде 17 буйрутма бар. Алардын ичинен 11 кеме курулуш баскычында болсо, дагы 6сы долбоорлоо стадиясында турат.
«Достлук» танкеринин Түркмөнстанга өткөрүлүп берилиши өлкө президентинин Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын эң маанилүү окуяларынын бири болду.



















