Ирандын Куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган төрт кемеге эскертүүчү ок чыгарды, деп билдирди Ирандын Mehr news маалымат агенттиги.
“Агенттикке түшкөн маалыматка ылайык, Ирандын куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгынын жанындагы кысыктан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган төрт кемеге эскертүүчү ок чыгарды”, – деп айтылат билдирүүдө.
Иран армиясынын абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгы да Ирандын түштүгүндө угулган жарылуулардын үнү Ормуз кысыгында кысыктан өтүүнү бузууга аракет кылган кемелерге каршы эскертүүчү ок атуулар болгонкн тастыктады.
28-май күнү кечинде Ирандын маалымат каражаттары түштүк райондордо жарылуулар болгонун кабарлашкан. Fars маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Ислам Республикасынын куралдуу күчтөрү белгисиз буталарга ракеталарды аткан. Tasnim маалымат агенттиги ошондой эле Бушерде америкалык дрон кармалганын билдирген.
28-майга караган түнү Reuters агенттиги АКШ Ирандын аскердик объектисине сокку урганын билдирген. Эки күн мурун АКШнын күчтөрү Ислам Республикасынын түштүк бөлүгүндөгү ракета учуруучу жайларга жана катерлерге сокку урган. 26-майда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу америкалык дрондор жана F-35 учактары чек араны бузганын, ирандык күчтөр дрондорду атып түшүрүп, учакты аба мейкиндигинен чыгып кетүүгө мажбурлаганын билдиришкен. АКШнын Борбордук командачылыгы соккулар америкалык күчтөрдү коргоо үчүн жасалганын жана ок атышпоо келишими күчүндө экенин билдирген.
Ар кандай маалымат каражаттары АКШ менен Иран бир нече жумадан бери талкуулап келе жаткан мүмкүн болуучу тынчтык келишими тууралуу үзгүлтүксүз жазып жатышат. Акыркы маалыматтарга ылайык, Ирандын өзөктүк программасы негизги тоскоолдук бойдон калууда: Вашингтон Ислам Республикасынан бардык жогорку деңгээлде байытылган уранды алып кетүүнү талап кылууда, Тегеран ага макул эмес.

















