Тегеран Вашингтондон Ирандын тоңдурулган бардык активдерин бошотууну талап кылып жатат.
Бул тууралуу Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысынын орун басары Али Багери Кани РИА Новости агенттигине билдирди.
«Тоңдурулган активдер мыйзам боюнча биздики. АКШ күч колдонуп, аларга жеткиликтүүлүктү чектеп койгон. АКШ менен болгон байланыштарыбызда биз өзүбүзгө мыйзамдуу түрдө таандык болгон каражаттарды кайтарып алууга умтулабыз жана ал мыйзамдуу укук боюнча алар (ирандык каражаттар — ред.) эч кандай шартсыз толугу менен кайтарылышы керек, ошондо биз аларды пайдалана алабыз», — деди Багери Кани.
Ал Иран тарап тоңдурулган бардык активдеринин бошотулушуна умтуларын кошумчалады.
Анын айтымында, АКШ Ирандын мүлкүнө болгон «кол салуусун» мүмкүн болушунча тез арада токтотушу керек.
Буга чейин Tasnim агенттиги ирандык сүйлөшүү тобуна жакын булакка таянып, Иран жөнгө салуу боюнча 14 пункттан турган сунушунда АКШдан чет өлкөлөрдө тоңдурулган 24 миллиард долларлык активдерин бошотууну талап кылганын маалымдаган. Активдердин жарымы жаңжалды токтотуу боюнча меморандумга жетишилген учурда биринчи этапта берилүүгө тийиш, ал эми калган бөлүгү кийинчерээк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кайтарылышы керек.



















