Россия президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосундагы сүйлөшүүлөр Пекинде башталганын РИА Новости агенттиги кабарлады.
РФ лидери Кытайга расмий сапар менен кечээ кечинде келди. Сапар Россия менен Кытайдын коңшулук, достук жана кызматташтык тууралуу келишиминин 25 жылдыгына карата уюштурулду.
Сүйлөшүүлөргө Россия тарабынан тышкы иштер министри Сергей Лавров, биринчи вице-премьер-министр Денис Мантуров, вице-премьер-министрлер Татьяна Голикова, Александр Новак, Юрий Трутнев жана Дмитрий Чернышенко, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Максим Орешкин, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана Россиянын Кытайдагы элчиси Игорь Моргулов катышып жатышат.
Ошондой эле каржы министри Антон Силуанов, Борбордук банктын төрагасы Эльвира Набиуллина, Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын директору Дмитрий Шугаев, “Роснефть” жана “Газпром” компанияларынын башкы директорлору Игорь Сечин менен Алексей Миллер, бизнесмен Геннадий Тимченко жана коргоо министринин орун басары Василий Осмаков да катышууда.
Жолугушуу Элдик жыйындар залында өтүп жатат. Лидерлер эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин, ошондой эле актуалдуу аймактык жана эл аралык маселелерди талкуулоону көздөп жатышат.
Путин менен Си Цзиньпин алгач эки тараптуу күн тартибиндеги эң маанилүү жана сезимтал маселелерди талкуулоо үчүн тар курамда жолугушуу өткөрүшөт. Андан кийин орус-кытай сүйлөшүүлөрү делегациялардын катышуусунда кеңейтилген форматта уланат.



















