Eurasiatoday
Шаршемби, 18-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Эрдоган: Израиль жалпы адамзаттык баалуулуктарды тебелеп жатат

  • Казакстан
  • 15.05.2026 16:41

Loading

Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоған Казакстандын Kazinform маалымат агенттиги үчүн жазган «Евразиянын гүлдөшүнүн ачкычы: Түрк дүйнөсү» аттуу автордук макаласында айтылат.

Израиль адамзатка каршы кылмыштарды жасап, жалпы адамзаттык баалуулуктарды бузуп жатат. Бул тууралуу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган «Евразиянын гүлдөшүнүн ачкычы: Түрк дүйнөсү» аттуу макаласында билдирди.

Түркия мамлекет башчысы Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча өз көз карашын бөлүштү.

Тема боюнча

Иран Түркиядагы сүйлөшүүлөрдө Израилге каршы ислам өлкөлөрүнүн коопсуздук альянсын түзүүгө чакырды

Иран Түркиядагы сүйлөшүүлөрдө Израилге каршы ислам өлкөлөрүнүн коопсуздук альянсын түзүүгө чакырды

03.07.2026

Президент эске салгандай, 1991-жылы Түркия Казакстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган мамлекет болгон жана эки өлкөнүн мамилелери жалпы тарыхка, маданий жана руханий байланыштарга негизделгенин белгиледи.

Түрк лидери белгилегендей, 2000-жылдардан тарта эки тараптуу мамилелер саясий, экономикалык жана маданий тармактарда кызматташтык механизмдеринин түзүлүшү менен жаңы деңгээлге чыккан.

Соода жүгүртүүнү 15 млрд долларга жеткирүү максаты

Эрдоган 2012-жылы түзүлгөн Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алкагында Анкара менен Астана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин айтты.

Анын айтымында, Түркия менен Казакстандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 10 млрд. долларга жакындап, түрк бизнесинин Казакстандын экономикасына түз инвестициялары дээрлик 6 млрд. долларга жеткен.

Мындан тышкары, түрк подряддык компаниялары Казакстанда жалпы наркы 30 млрд. доллардан ашкан 550гө жакын ири долбоорду ишке ашырган.

«Казакстандын президенти, урматтуу бир тууганым Касым-Жомарт Токаев менен биргеликте аныктаган максатыбыз — соода жүгүртүүнү 15 млрд. долларга жеткирүү. Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында бул максатка жакын арада жетебиз деп ишенем», — деди Эрдоган.

Анкара казакстандыктарды түрк дүйнөсүнүн иш-чараларына чакырды

Түркия президенти эки тараптуу мамилелердин гуманитардык багытынын маанисин да белгиледи.
Анын айтымында, билим берүү, спорт жана маданият тармагындагы кызматташтык эки элдин ортосундагы «бир туугандыктын алтын көпүрөсүн» бекемдейт.

Эрдоган Анкара 2026-жылы Түрк мамлекеттер уюмунун туристтик борбору деп жарыяланганын эске салып, казакстандыктарды жыл бою Түркиянын борборунда өтө турган иш-чараларга катышууга чакырды.

Ал Анкара өзүнүн маданий, тарыхый жана адамдык мурасы аркылуу түрк дүйнөсүнүн жалпы эс тутумун чагылдырганын белгиледи.

Казакстанга сапар аймактык чакырыктардын фонунда маанилүү деп бааланды

Эрдоган Казакстанга мамлекеттик сапар Түркия үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

Анын айтымында, Астанадагы сүйлөшүүлөр АКШ, Израиль жана Ирандын ортосундагы чыңалуу, Газадагы тынчтык процессинин туруксуздугу, ошондой эле саясий туруктуулук, энергетикалык коопсуздук жана транспорттук багыттар маселелери эл аралык күн тартибинин борборунда турган учурда өтүп жатат.

Түрк лидери бул сапар Анкара менен Астананын саясий, экономикалык жана соода байланыштарын жаңы деңгээлге чыгарып, эки элдин тарыхый достугун бекемдейт деген ишенимин билдирди.

Сапардын алкагында Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине да катышат.

Президенттин айтымында, жолугушууда түрк дүйнөсүнүн саясий, экономикалык жана маданий интеграциясынын мүмкүнчүлүктөрү кеңири талкууланып, аймактык чакырыктар биргелешип бааланат.

«Түрк дүйнөсүнүн туусун көтөргөн мамлекеттер катары биз Хожа Ахмед Ясавинин философиясын жетекчиликке алабыз: “Муктаждар ач болуп, байлар алардын абалына кайгырбаса, дүйнө берекеден ажырайт”. Биз аймагыбызда жана дүйнөдө тынчтыкты, бакубаттуулукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тарыхый жоопкерчилигибизден эч качан баш тартпайбыз», — деди Эрдоган.

Эрдоган глобалдык системаны реформалоого чакырды

Эл аралык кырдаал тууралуу айтып жатып, Эрдоган аймактык кагылышуулар жана кризистер жалпы коопсуздукка, экономикалык жыргалчылыкка жана глобалдык туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, геосаясий атаандаштык, энергетикалык коопсуздук тобокелдиктери, каржы базарларындагы туруксуздук жана жасалма интеллекттин өнүгүшүнө байланышкан өзгөрүүлөр шартында дүйнөлүк система олуттуу сыноодон өтүп жатат.

«Биз бир нече жолу белгилегендей, бул чакырыктар учурдагы эл аралык тартиптин жана глобалдык башкаруу механизмдеринин натыйжасыз экенин айкын көрсөтүп, аларды түп-тамырынан реформалоо зарылдыгын билдирет», — деди президент.

Эрдоган 2014-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясында «Дүйнө беш өлкөдөн чоң» деген тезис менен чыгып, адилеттүү эл аралык системанын зарылдыгын айтканын эске салды.

Анын айтымында, ошондон бери дүйнөлүк тартип адилеттүү жана инклюзивдүү боло алган жок. Мунун эң оор мисалдарынын бири катары ал Газадагы абалды атады.

Эрдоган глобалдык жана аймактык кризистерди «натыйжалуу эрежелерге» негизделген тартип түзүү аркылуу гана жеңүүгө болорун белгиледи.

Ал Түркия көп тараптуу уюмдардын алкагында да, өз алдынча да дипломатиялык жана ортомчулук механизмдерин колдонуп, кагылышууларды токтотуу боюнча аракеттерди улантып жатканын айтты.

Президенттин айтымында, адилеттүү жана туруктуу тынчтык атмосферасын түзүү үчүн эки тараптуу, аймактык жана глобалдык өнөктөштүктү кеңейтүү зарыл.

Бул контекстте Эрдоган аймактык карама-каршылыктар биринчи кезекте аймак өлкөлөрүнүн өздөрүнүн институционалдык демилгелери аркылуу чечилиши керек экенин белгиледи.

Түрк лидери Түркия Түрк мамлекеттер уюму, башка эл аралык түзүмдөр жана коңшу өлкөлөр менен биргелешкен демилгелерге ачык экенин айтты.

Ошондой эле Түркия президенти БУУнун Коопсуздук Кеңешин реформалоо, аймактык жана глобалдык кагылышууларды жөнгө салуу жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу маселелеринде Казакстан менен кызматташтык Анкаранын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлерин белгиледи.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 13-май, шаршемби күнү мамлекеттик сапар менен Казакстанга келген.

Астана аэропортунда түрк лидерди Казакстандын президенти тосуп алган.

14-май күнү Эгемендүүлүк сарайында Эрдоганды расмий тосуп алуу аземи болуп өткөн.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: Израилдин агрессиясытүрк дүйнөсүЭрдогандын Казакстанга сапары
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

М. Сариев: “Түрк мамлекеттеринин космостук кызматташтыгы — жогорку технологиялык аскердик келишим”

М. Сариев: “Түрк мамлекеттеринин космостук кызматташтыгы — жогорку технологиялык аскердик келишим”

08.10.2026
Иран Түркиядагы сүйлөшүүлөрдө Израилге каршы ислам өлкөлөрүнүн коопсуздук альянсын түзүүгө чакырды

Иран Түркиядагы сүйлөшүүлөрдө Израилге каршы ислам өлкөлөрүнүн коопсуздук альянсын түзүүгө чакырды

03.07.2026
Испаниянын тышкы иштер министри Палестина мамлекетин таануу зарылдыгын билдирди

Испаниянын тышкы иштер министри Палестина мамлекетин таануу зарылдыгын билдирди

22.05.2026
БУУ Израилди «Сириядагы аскердик мыйзам бузууларды токтотууга» чакырды

БУУ Израилди «Сириядагы аскердик мыйзам бузууларды токтотууга» чакырды

16.05.2026
Президент Режеп Тайып Эрдоган Казакстанга келди

Президент Режеп Тайып Эрдоган Казакстанга келди

14.05.2026
Түркиянын президенти Р. Эрдоган Казакстанга жөнөп кетти

Түркиянын президенти Р. Эрдоган Казакстанга жөнөп кетти

13.05.2026
87 эл аралык юрист АКШ жана сионисттик режим баштаган согушту эл аралык укуктун одоно бузулушу деп аташты

87 эл аралык юрист АКШ жана сионисттик режим баштаган согушту эл аралык укуктун одоно бузулушу деп аташты

21.04.2026
Израилдин армиясынын Башкы штабы   жабыркады

Израилдин армиясынын Башкы штабы   жабыркады

01.03.2026
Иран армиясынын башкы колбашчысы: Биз кандай гана агрессор болбосун колун кесебиз

Иран армиясынын башкы колбашчысы: Биз кандай гана агрессор болбосун колун кесебиз

08.01.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026
Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
215 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.