АКШнын Ормуз кысыгындагы деңиз блокадасынын фонунда Иран экономикасы үчүн Каспий деңизи стратегиялык мааниге ээ болуп бара жатат. Көп жылдар бою кошумча маршрут катары гана саналган түндүк жол бүгүн өлкө экономикасынын “сактагыч клапанына” айланды.
Ирандын Гилян провинциясынын губернатору Хади Хакшенастын айтымында, өлкөнүн түндүк порттору жылына 30 миллион тоннага чейин негизги товарларды импорттоого жөндөмдүү.
Ал белгилегендей, былтыр (иран календары боюнча) өлкө жалпысынан 42 миллион тонна товар импорттогон. Анын 70 пайызы — болжол менен 31 миллион тоннасы — негизги жана зарыл товарлар болгон.
Хакшенас акыркы 15 жыл ичинде түндүк порттор олуттуу жаңыланганын белгиледи. Эгер 2010-жылы бул порттордо 15 миллион тонна гана жүк жүктөлүп-түшүрүлсө, бүгүнкү күндө алардын техникалык мүмкүнчүлүгү эки эсеге өскөн. Азыр Гилян жана Мазандаран аймагындагы порттор бир убакта 40ка чейин кемени тейлей алат.
Ошондой эле Анзали порту темир жол менен байланышкан. Астара аркылуу Азербайжанга чыккан темир жол иштеп жатат. Инче-Бурун темир жолу кең колеялуу темир жолго өткөрүлгөн. Анзали эркин аймагында Каспий порту курулган.
Губернатордун айтымында, учурда Каспий аркылуу кеминде 30 миллион тонна жүк ташууга болот. Бул — өлкөнүн бардык негизги импорттук муктаждыгын камсыз кыла турган көлөм.



















