Кечээ, 4-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский Россия тараптын 9-май Жеңиш күнүнө карата жарыяланган ок атышпоо режимине жооп катары, Украина тарап ок атууну токтотуу режими 5-майдан 6-майга караган түнүнөн баштап күчүнө киргизерин билдирди.
Украинанын лидери адам өмүрү “кандайдыр бир мааракени белгилөөдөн” алда канча баалуу экенин баса белгилеп, “ок атышууну убактылуу токтотуу” жөнүндөгү билдирүүсүн Telegram баракчасында жарыялаганын РБК басылмасы жазды.
“Биз адам өмүрү кандайдыр бир мааракени белгилөөдөн алда канча баалуу деп эсептейбиз. Ушул себептен улам, биз 5-майдан 6-майга караган түнү түн ортосунда ок атышууну токтотууну жарыялап жатабыз”, – деп баса белгиледи Зеленский.
Ал муну “ок атууну токтотуу” деп атаган.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 8-9-майга карата ок атууну токтотууну жарыялаган. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, бул күндөрү режим күчүндө болорун белгилеп, Украинадан да ушул сыяктуу аракеттерди күтөрүн билдирген.
“Украина тарап бул үлгүнү карманат деп үмүттөнөбүз”, – деп жазган министр президент Владимир Путиндин чечимине шилтеме жасаган Telegram баракчасындагы билдирүүсүндө.
Мындан тышкары, эгерде украин бийлиги Жеңиш күнүнүн 81 жылдыгын бузууга аракет кылса, Россиянын Куралдуу күчтөрү Киевдин борборуна массалык жооп кайтаруучу ракеталык сокку урарын кошумчалаган.
“Россиянын Куралдуу күчтөрү майрамдык иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт”, – деп билдирген.
Кошумчалай кетсек, президент Владимир Путин 29-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Россия “Жеңиш күнүн” белгилөө учурунда согуштук аракеттерди токтотууга даяр экенин жарыялаган. Америкалык лидер бул демилгени колдогон.


















