Иран менен согуш АКШ армиясы кыйла ири жаңжалга таптакыр даяр эмес экенин көрсөттү, деп жазат Responsible Statecraft басылмасы.
“Бүгүн Вашингтондо баары америкалык ракеталардын запасы тууралуу жарыша айтып жатышат. Мунун олуттуу себеби бар. АКШнын ракеталык резервдерин олуттуу түгөтүп койгон Ирандагы согуштук аракеттер аяктаары менен “АКШ армиясы мындан ары да улуттук кызыкчылыктарды коргой алабы? Айрыкча жакынкы келечекте” деген негизги суроо жаралат”, — деп айтылат макалада.
Белгиленгендей, жаңжал жана анын натыйжасы АКШнын аскердик стратегиясынын негизги принциптерине олуттуу сокку урду. Жакынкы Чыгыштагы фронттогу окуялар Вашингтондун өзгөчө кырдаал жаралса кандай иш алып барары боюнча пландары канчалык деңгээлде ишке жарамдуу экенине шек жаратканын материалда баса белгилешкен.
“Жакынкы Чыгыштагы америкалык базаларга келтирилген зыян колоссалдуу болду. Инфраструктура, абадан коргонуу системалары, жер үстүндөгү радарлар талкаланды. Кымбат баалуу авиация, анын ичинде май куюучу учактар жана алыстан радиолокациялык байкоо жүргүзүүчү AWACS учактары жабыркап, иштен чыкты. Базалар алсыз болуп, АКШ армиясынын жоокерлери ал жерде калууга мүмкүнчүлүк болбой, мейманканалардан алыстан иштөөгө аргасыз болушту”, — деп белгиленет макалада.
АКШ жана Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге сокку ура баштаган. Иран жооп иретинде Израилдин жана АКШнын аймактагы базаларын бутага алган.
40 күнгө созулган куралдуу кагылышуулардан кийин 8-апрелде Вашингтон менен Тегеран эки жумага ок атышпоону жарыялаган. Андан кийинки Исламабаддагы сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган. АКШ Иран портторун блокадага алган. Иран расмийлери азыркы кырдаалды эске алганда алар Исламабадда АКШ менен сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышуу ниети жок экенин билдиришкен. Кийинчерээк Трамп Иран менен атышпоо режимин белгисиз мөөнөткө узарткан.


















