Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе расмий жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин Төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбе расмий жумуш сапары менен Кыргыз Республикасына келди.
Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында өлкө жетекчилиги менен жолугушуулары, ошондой эле бир катар маданий жана өндүрүш жайларына баруусу каралган.
Маалымат:
Того Республикасы — Батыш Африкада жайгашкан чакан мамлекет.
Борбор шаары: Ломе
Калкы: болжол менен 8–9 миллион адам
Расмий тили: француз тили
Башкаруу формасы: президенттик республика
Азыркы лидери: Фор Эссозимна Гнассингбе
Географиясы:
Того батышта Гана, чыгышта Бенин, түндүктө Буркина-Фасо менен чектешет, ал эми түштүгү Атлантика океанына чыгат.
Экономикасы:
Негизинен айыл чарбага таянат. Башкы экспорттук товарлары — кофе, какао, пахта жана фосфат.
Кыска тарыхы:
Того мурда Германиянын колониясы болгон, кийин Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Франциянын башкаруусуна өткөн. 1960-жылы эгемендүүлүк алган.



















