Кыргызстан менен Сейшел Аралдары Республикасы өз ара визасыз режим киргизүүдө. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолугушуусунда белгилүү болду.
Министрликтен билдиргендей, Кыргызстан менен Сейшел Аралдарынын ортосунда жарандардын кыска мөөнөттүү сапарлары үчүн визасыз режим киргизүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Эми эки өлкөнүн тең жарандары бири-бирине визасыз бара алышат.
Дипломаттар эки тараптуу жолугушууда, саясий диалогду өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү, ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү жана санариптик башкаруу тармактарын камтыган соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну чыңдоо маселелерин, ошондой эле туруктуу өнүгүү жана климат маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү талкуулашкан.
Барри Фор Кыргызстанга 3-майда келген. Расмий сапары 6-майга чейин уланат. Бул анын Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы расмий сапары болуп саналат.
Кошумчалай кетсек, Сейшел Аралдары Инди океанынын батыш бөлүгүндө, Чыгыш Африканын жээгине жакын жайгашкан аралдык мамлекет. Калкынын саны боюнча Африкадагы калкы эң аз өлкөлөрдүн бири. Экономикалык жактан негизги киреше булактары туризм жана балык уулоо.
Эскерте кетсек, апрель айынын аягында Батыш Африкада жайгашкан мамлекеттердин бири Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстанга эки күндүк расмий сапар менен келип кеткен. Аны Бишкекте Кыргызстандын президент Садыр Жапаров кабыл алып, сүйлөшүү өткөргөн. Бул Тогонун министрлер кеңешинин төрагасынын Кыргызстанга жасаган биринчи жогорку деңгээлдеги сапары болду.
2026-жылдын апрель-май айларында Африка континентиндеги эки башка географиялык жана экономикалык түзүлүштөгү мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн Кыргызстанга келишинин негизги максаттары – эки тараптуу кызматташтыкты түзүү, дипломатиялык байланыштарды чыңдоо жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда макулдашууларга кол коюу болуп саналат.



















