Маалыматтарга караганда, Садио Камара 25-апрелде өзүнүн резиденциясынын жанында жардыргыч затка толтурулган жүк ташуучу унаанын жарылуусунан каза болгон.
Малинин коргоо жана ардагерлер иштери боюнча министри Садио Камара өлтүрүлгөнү тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлоодо.
Маалыматка ылайык, ал 25-апрелде өлкөнүн борбору Бамаконун четиндеги Кати аскер базасында жайгашкан резиденциясынын жанында жардыргычка толтурулган жүк унаасы жардырылган учурда каза болгон.
Бул маалымат азырынча расмий түрдө тастыктала элек.
Буга чейин бийлик өкүлдөрү Камара согушкерлердин чабуулунан аман калганын билдиришкен.
Алдын ала маалыматтар боюнча, чабуулдар «Жамаат-нусра аль-Ислам ва аль-Муслимин» (JNIM) жана «Азавадды бошотуу фронту» (FLA) куралдуу топтору тарабынан жасалган болушу мүмкүн.


















