Бириккен Улуттар Уюму жарандарга карата кандай гана болбосун кол салууну кабыл алгыс деп белгиледи.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Индиянын башкаруусунда турган Жамму жана Кашмир аймагындагы куралдуу кол салууну катуу айыптады.
Уюмдун басма сөз кызматы билдиргендей, баш катчы каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
«Башкы катчы Жамму жана Кашмир аймагындагы куралдуу кол салууну кескин айыптайт», — деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле БУУ жарандарга каршы кандай гана кол салуу болбосун кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.
Мурдараак маалымдалгандай, Жамму жана Кашмирдеги куралдуу кол салуунун натыйжасында 28ден ашуун адам каза тапкан.
Куралчан адамдар туристтерге ок атып, Пахалгам районунда кол салуу жасашкан. Бул аймак Индия менен Пакистан талашып жаткан, бирок учурда Индиянын көзөмөлүндө турат. Райондо негизинен мусулман калк жашайт.




















