Eurasiatoday
Ишемби, 21-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент тилемчиликке каршы мыйзамга кол койду. Саясатчы М. Аскарбеков муну колдоду

  • Коом
  • 24.04.2026 15:47

Loading

Мамлекет башчы Садыр Жапаров тилемчиликке каршы жоопкерчиликти катаалданткан мыйзамга кол койду. Бул чара тилемчиликти коомдук тартипке коркунуч катары баалап, айрыкча аялуу адамдарды мажбурлап тилемчилик кылдырган тараптарга каршы багытталган.

Аталган мыйзам коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Бул маалымат президенттин расмий сайтына жарыяланды.
“Мыйзамдын максаты – тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке терс таасирин жоюу, жолдун жүрүүчү бөлүгүндө тилемчилик кылууну жоюу аркылуу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, аялуу катмардагы жарандарды тилемчилик максатында эксплуатациялоодон коргоо болуп саналат”, – деп айтылат маалыматта.

Бул маалымат боюнча эксперт, саясатчы Мавлян Аскарбеков өзүнүн пикири менен “Евразия Бүгүн” агенттигине бөлүштү.

Тема боюнча

Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

24.10.2026

“Мамлекет башчынын тилемчиликке каршы катаалданткан мыйзамга кол коюшун толугу менен колдойм. Тилекке каршы, Кыргызстандын ири шаарларында чет өлкөлүк жарандардын тилемчилик кылып, муну чоң бизнеске айлантып агандыгын биздин жергиликтүү бийликтеги милиция кызматкерлеринин аралашып жүргөнү көптөргө маалым. Ошондуктан мына ушулардын баарын чектөө жана чет өлкөлүк жарандардын тилемчилик фактылар менен кармалып, депортациялоо мыйзамына кол коюулушу жакшы жаңылык, колдоого аларлык. Мындан тышкары, биздин коомдун экономикалык жана социалдык абалынын кескин төмөндөп бара жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү элдердин дагы тилемчиликке аралашып, алардын катары көбөйүп бара жатканы өкүнүчтүү”, – дейт Аскарбеков.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо жаатында реформанын жоктугуна байланыштуу оор оорууларга чалдыккан жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын тилемчиликке тартылуусу дагы жөнгө салынышы керек жана комплекстүү турдө чечилиши зарыл.

“Кайырчылык менен алектенген чет өлкөлүк жарандардын арасында атайын бизнес план түзгөндөр да болушу мүмкүн. Алардын бир бөлүгү биздин эле жарандар арасындагы социалдык – экономикалык абалы начар, мүмкүнчүлүгү чектелген же оор ооруга чалдыккан кишилер болушу ыктымал. Алардын чоң суммадагы акчага чет өлкөдө операция кылууга муктаждыгы келип чыгышы мүмкүн. Мына ушулардын баарын концептуалдуу түрдө жөнгө салуу зарыл”, – деп кошумчалады саясатчы.

Ушул жылдын февраль айында Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстандагы коомдук жайларда тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салууну, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоону сунуштаган. Ошол эле учурда”Тилемчи” аттуу профилактикалык иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети “Укук бузуулар кодексине”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоону максат кылган.

Депутат Дастан Бекешев укук коргоо органдарын жана социалдык кызматтарды тилемчилик менен алектенген жашы жете элек балдарга көңүл бурууну, бул багытта кылдат талдоо жүргүзүүнү сунуштаган. Эл өкүлү Камила Талиева мындай жол менен алектенген адамдарды текшерүү жана алардын өздүгүн аныктоо максатында рейддерди жүргүзүү зарылдыгын айтып, бирок муктаж адамдарга жардам кайрымдуулук фонддорунун ишмердүүлүгү аркылуу көрсөтүлүшү керектигин билдирген.

Кайырчылык менен алектенүү Бишкек жана Ош шаарларында көп кездешет. Алар көбүнчөсү мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, жаш балдар жана жаш балалуу чет өлкөлүк аялдар. Булар көп учурда унаа жүрүүчү ири жолдордун ортосунда туруп, айдоочулар үчүн ыңгайсыздыкты, коркунучту жаратат.

Мындан тышкары, ооруунун ар кандай түрү менен жабыркаган жарандар дагы социалдык тармактар аркылуу коомчулуктан жардам сурап кайрылган учур дагы көп кездешет. Кээде булардын атын жамынып алдамчылык менен алектенип акча топтоп, изин жашыргандар да жок эмес. Алар бул кадамды киреше табуунун оңой жолу катары көрүшүп, бизнеске айландырышкан. Муну Ислам дининин кызматкерлери жана аалымдары айыптап, аны өзгөчө муктаждык болбосо арам, тыйылган иш катары айтышат. Диний көз караш боюнча, тилемчилик адамдын кадыр-баркын түшүрүп, коомдогу терс көрүнүштөрдү пайда кылат. Эгер адамда чындап эле муктаждык болбогон болсо жардам берүүнүн зарылчылыгы жок. Тилемчиликке өтө оор абалда калганда гана убактылуу уруксат берилиши мүмкүн.

Ал эми эксперттер тилемчиликтин көбөйүшүнүн негизги себептери – социалдык-экономикалык оор абал, жумушсуздук, жакырчылык жана балдарды эксплуатациялоо дешет. Муну менен катар, шаарда элдин көптүгү, чет өлкөлүктөрдүн келиши жана тилемчилик аркылуу оңой акча табуу максатында уюшкан топтордун иштешинин дагы таасири чоң экендигин белгилешет.

Даярдаган Турдайым Кожомбердиева

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: кайырчыларКоомтилемчилик
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Эки балалуу курьер энеге бир күндө 7 миллион сом чогултулду

Эки балалуу курьер энеге бир күндө 7 миллион сом чогултулду

28.10.2026
Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

Сауд Арабиясы Йемендеги качкындарды жайгаштыруу борборуна сокку урду

24.10.2026
Трамп АКШ армиясынын жогорку жетекчилигиндеги кызматтан бошотуулардын масштабына таң калды

Трамп АКШ армиясынын жогорку жетекчилигиндеги кызматтан бошотуулардын масштабына таң калды

01.09.2026
АКШдагы коомдук аң-сезим жана Иран тууралуу көз караштар

АКШдагы коомдук аң-сезим жана Иран тууралуу көз караштар

15.07.2026
Путин: Ирандыктардын мекени үчүн жанын берүүгө даярдыгы көп нерседен кабар берет

Путин: Ирандыктардын мекени үчүн жанын берүүгө даярдыгы көп нерседен кабар берет

06.06.2026
Израилде психологиялык жардам сураган жарандардын саны рекорд койду

Израилде психологиялык жардам сураган жарандардын саны рекорд койду

19.02.2026
Тилемчилерге айып салынып, чет жактан келген кайырчылар  депортацияланышы мүмкүн

Тилемчилерге айып салынып, чет жактан келген кайырчылар  депортацияланышы мүмкүн

18.02.2026
«Тил — курал катары»: Чыңгыз Айтматовго жасалган чабуулдар эмнеге маданият тууралуу талаш эмес, коомду бөлүү технологиясы болуп саналат

«Тил — курал катары»: Чыңгыз Айтматовго жасалган чабуулдар эмнеге маданият тууралуу талаш эмес, коомду бөлүү технологиясы болуп саналат

19.01.2026
ИИР Коргоо министрлиги: Террорчуларга ар бир адамды өлтүргөндүгү үчүн 5000 доллардан төлөнгөн

ИИР Коргоо министрлиги: Террорчуларга ар бир адамды өлтүргөндүгү үчүн 5000 доллардан төлөнгөн

16.01.2026

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

Иран АКШнын химиялык жана биологиялык курал тууралуу дооматтарын четке какты

20.11.2026
Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

Сомали БАЭнин элчисин өлкөдөн чыгарып, өз элчисин Абу-Дабиден чакыртып жатат

20.11.2026
Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
214 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.