Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Х соцтармагындагы баракчасында өлкө жетекчилигинде олуттуу пикир келишпестиктер бар деген маалыматтарды четке какты.
«Иранда радикалдар да, орточо (умеренный) көз караштагылар да жок. Биз баарыбыз ирандыктар жана революционерлербиз. Улут менен мамлекеттин темирдей бекем биримдиги жана Жогорку лидерге толук баш ийүү менен биз кылмышкер агрессорду кылган ишине өкүнүүгө мажбурлайбыз», – деп айтылат билдирүүдө.
Мааниси окшош билдирүүлөрдү парламенттин спикери Мохаммад Багер Галибаф жана Тышкы иштер министри Аббас Арагчи да жарыялашты. Анда саясатчылар Иранда өлкө жетекчилигинде ажырым бар деген маалыматтарды жокко чыгарышып, улуттун биримдигин баса белгилешкен.
«Бир Кудай, бир улут, бир лидер жана бир жол; бул жол биздин сүйүктүү Ираныбыз үчүн өмүрдөн да баалуу жеңишке алып баруучу жол», – деп белгиленет Галибафтын Х соцтармактагы баракчасында.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Х баракчасында өлкөнүн мамлекеттик институттары бирдиктүү фронт катары иш алып барууну улантып жатканын белгиледи.
“Согуш талаасы жана дипломатия бир эле согушта толук координацияланган фронттор”, – деди ал.
Министр ирандыктар бүгүн мурдагыдан да көбүрөөк бириккенин баса белгиледи.
Буга чейин Дональд Трамп социалдык медиада Иранда бийлик үчүн ар кандай топтор атаандашып жатканын айтып, өлкөнүн чыныгы лидери ким экенин баалоону кыйындатканын билдирген.
Bloomberg агенттиги да Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командири Ахмад Вахиди АКШ менен диалогдо катаал позицияны ээлеп жатканын, ал эми президент Масуд Пезешкиан жана Тышкы иштер министри Аббас Аракчи келишимге жетишүүнү тездетүү үчүн компромисстерге ыктап жатышканын жазган.
Ирандын президенттик аппаратынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Мохаммад Мехди Табатабаи өлкөнүн саясий жана аскердик жетекчилигинин ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок экенин билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Ирандын расмий өкүлдөрү Тегеранда чечим кабыл алуу процесси тышкы басымдан көз каранды эмес экенин бир нече жолу баса белгилешкен. Алардын айтымында, стратегиялык маселелер мамлекеттик бирдиктүү саясаттын алкагында талкууланат, ал эми ички пикир келишпестиктер тууралуу ар кандай маалыматтар Ирандагы мамлекеттик институттарга болгон ишенимди солгундатып, алсыратууга багытталган.

















