Австралиялык окумуштуулардын жаңы изилдөөсү көрсөткөндөй, Жер шарындагы калктын саны азыркы ресурстарды керектөө деңгээлинде планета туруктуу камсыздай ала турган чектен ашып кеткен.
Флиндерс университетинен Кори Брэдшоу жетектеген изилдөөчүлөр тобу эки кылымдан ашуун демографиялык маалыматтарды талдап чыгып, адамзат планета калыбына келтире ала турган ресурстардан көбүрөөк пайдаланып жатканын аныкташкан.
Экологияда бул түшүнүк «көтерүмдүүлүк чеги» деп аталат — бул экосистема узак мөөнөттө колдой ала турган бир түрдүн максималдуу саны, ресурстардын жеткиликтүүлүгүн жана алардын калыбына келүү ылдамдыгын эске алуу менен аныкталат. Окумуштуулардын пикиринде, адамзат технологиялардын жардамы менен бул чектерди жасалма түрдө кеңейтүүгө жетишкен, айрыкча казылып алынуучу отундарды кеңири колдонуу аркылуу.
Авторлор эки көрсөткүчтү айырмалап карашат. Биринчиси — ачарчылык, оорулар жана согуштар эске алынбаган теориялык максималдуу чек. Экинчиси — калктын туруктуу жашоосун камсыз кылган оптималдуу чек, башкача айтканда, минималдуу жашоо стандарттары сакталган деңгээл.

Изилдөөчүлөрдүн баамында, теориялык максимум болжол менен 12 миллиард адамды түзүшү мүмкүн. Бирок учурдагы керектөө моделинде оптималдуу деңгээл кыйла төмөн — болжол менен 2,5 миллиард. Салыштыруу үчүн: азыркы учурда дүйнөдө 8,3 миллиардга жакын адам жашайт.
Окумуштуулар белгилешкендей, XX кылымдын ортосуна чейин калктын өсүү темпи ылдамдаган, бирок 1960-жылдардан тарта, калктын саны өсүп жатканына карабастан, өсүү ылдамдыгы жайлай баштаган. Азыркы тенденциялар сакталса, калктын эң жогорку чеги 2060–2070-жылдары 11,7–12,4 миллиард адамдын деңгээлинде болушу мүмкүн.
Авторлор азыркы экономикалык модель — тынымсыз өсүүгө багытталган система — жаратылыш ресурстарынын чектелүү экенин эске албай турганын баса белгилешет. Казылып алынуучу отундарды колдонуу маселени убактылуу жеңилдеткени менен, ошол эле учурда климаттын өзгөрүшүн күчөтүп, экосистемаларга болгон басымды арттырат.
Алардын маалыматына ылайык, глобалдык температуранын өсүшү, зыяндуу заттардын чыгышынын көбөйүшү жана экологиялык издин кеңейиши көбүнчө калктын санынын өсүшү менен түшүндүрүлөт, адам башына керектөөнүн көбөйүшүнө караганда.
Окумуштуулар мындай деп эскертүү берүүдө: эгер жерди, сууну, энергияны жана азык-түлүктү пайдалануу ыкмалары өзгөртүлбөсө, миллиарддаган адамдар барган сайын күчөп жаткан туруксуздукка туш болушу мүмкүн. Ошол эле учурда алар кырдаал толук үмүтсүз эмес экенин белгилешет — эл аралык кызматташтык жана керектөөнү азайтуу аркылуу кесепеттерди жеңилдетүүгө болот.
Бирок авторлор өз моделдеринин чектөөлөрүн да моюнга алышат жана бул эсептөөлөр болжолдуу мүнөзгө ээ экенин белгилешет. Мындан тышкары, «көтерүмдүүлүк чеги» маселеси этикалык жагын да камтыйт: ар кайсы өлкөлөрдө керектөө деңгээли жана ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгү кескин айырмаланат, ал эми калктын санын жөнгө салуу боюнча талкуулар көбүнчө социалдык жана саясий тобокелчиликтер менен коштолот.



















