Иран Ислам Республикасына каршы америкалык-израилдик аскердик коалиция баштаган согуш башталганына 40 күндөн ашык убакыт өткөндөн кийин жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоого ылайык, америкалыктардын көпчүлүгү АКШ президенти Дональд Трампка Иран менен согушу жана башка талаштуу чечимдери үчүн импичмент жарыялоону каалашат.
Шаршемби күнү жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгына караганда, катталган шайлоочулардын 52% Трампка импичмент жарыялоону колдосо, 40% каршы чыккан. Бул тууралуу Newsweek маалымдады.
Бул маалыматтар президенттин «Каар» операциясы деп аталган аракетинен улам Конгресстеги колдоосун жоготуп жаткан учурда пайда болду. Азыр бул операцияны көптөр «ири ийгиликсиздик» деп аташууда.
Кымбатка түшкөн жана мыйзамсыз деп бааланган бул операция он миллиондогон долларларга чыгым алып келип, АКШнын курал-жарак кору азайып кетиши мүмкүн деген кооптонууларды жаратты.
Сурамжылоо Трамптын Ирандагы согушуна каршы чыккан Impeach Trump Again жана Free Speech for People аттуу укук коргоочу уюмдардын тапшырмасы менен жүргүзүлгөн. Ага 790 адам катышкан.
Изилдөө көрсөткөндөй, ар жетинчи республикачы да импичмент процедурасын колдойт.
Маалыматка ылайык, сурамжылоону Free Speech for People уюмунун президенти жана негиздөөчүлөрүнүн бири Жон Бонифаз жүргүзгөн. Изилдөөнүн катачылык чеги 3,9% түзөт.
«Бул президенттик мөөнөттүн башында болуп көрбөгөндөй жыйынтык», — деди Бонифаз 6-апрелдеги басма сөз жыйынында.
Шайлоочулар Трамптан мурдагы президент Ричард Никсонго караганда да эртерээк баш тарта башташты. Никсон — импичмент маселеси боюнча көпчүлүктүн колдоосуна туш болгон жалгыз президенттердин бири болгон.
АКШнын Өкүлдөр палатасы Трампка биринчи президенттик мөөнөтүндө эки жолу импичмент жарыялаган, бирок Сенат эки жолу тең айыптоолорду четке каккан. Экинчи импичмент — 6-январдагы Капитолийдеги башаламандыктарга шыкакчы болду деген айып менен — 57 сенатор тарабынан колдоого алынган, алардын арасында жети республикачы болгон. Бирок бул Трамп кызматтан кеткенден кийин болгондуктан, үчтөн эки добуш чегине жеткен эмес.
28-февралда башталган Ирандагы согуш америкалыктардын нааразылыгын дагы күчөтүп, импичмент жарыялоо жана аны кызматтан четтетүү чакырыктарын көбөйттү.
Бул согуш аймактык жаңжалга айланып, Капитолийдеги саясий кырдаалды жана шайлоочулардын маанайын өзгөртүп жатат.
Ошондой эле согуш Трамптын популярдуулугуна олуттуу сокку урду. Апрелдин башында анын рейтингин колдоо 39%га чейин түшүп кеткен (февралдын аягында 42% болгон). Сурамжылоого катышкандардын 53% анын ишмердүүлүгүн жактырбай турганын билдиришкен — бул анын экинчи мөөнөтүндөгү эң төмөнкү көрсөткүч.
Конгрессте демократтар импичментти 84% колдоп, 8% каршы чыгышкан. Алардын 78% президентти кызматтан четтетүүнү бекем колдошот. Ал эми республикачылар 81% каршы болуп, болгону 14% колдошкон. Көз карандысыз шайлоочулар да көбүнчө импичментти колдошот — 55% каршы 34%.
Өкүлдөр палатасында импичмент жарыялоо үчүн жөнөкөй көпчүлүк жетиштүү, бирок демократтарда андай көпчүлүк жок.
Ал эми Сенатта айыптоо өкүмүн чыгаруу үчүн үчтөн эки добуш талап кылынат, бирок ал жерде республикачылар үстөмдүк кылат. Азырынча эки партия тең импичментти толук колдой элек.



















