АКШ жана Израиль баштаган согушта азырынча демилге Ирандын тарабында. Дональд Трамп күткөндөй саясий режим кулаган жок. Тескерисинче, Иран АКШга жана Батышка экономикалык, аскердик жана саясий басым көрсөтүүгө өттү: согуш канчалык узакка созулса, Трамп үчүн саясий кырдаал ошончолук оорлоп, Батыш өлкөлөрүндө экономикалык абал начарлайт.
Мындан тышкары, эгер Иран азыр сүйлөшүүлөргө макул болсо, АКШ басымды уланта берет. Парадокс — жеңилбөө үчүн Иран, канчалык оор болбосун, басымды күчөтүп, согуштук аракеттерди улантууга тийиш. Бул согуш азырынча токтобой, тескерисинче күчөй турганын билдирет.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталганына дээрлик бир ай болду. Бирок согуш аяктоого жакындаган жок, тескерисинче чыңалуу күчөп жатат. Башында АКШ менен Израиль Ирандын жетекчилигин жок кылып, саясий системаны кулатабыз деп үмүттөнгөн. Бирок бул ишке ашкан жок. Натыйжада узакка созулган чарчатуучу согуш башталды.
Акыркы күндөрү Трамп «Иран менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», «келишимге жакындадык», «Иран өзү сүйлөшүүгө чакырып жатат» деген сыяктуу билдирүүлөрдү жасады. Бирок ирандык расмий өкүлдөр муну четке кагып: «бул жалган», «АКШ менен сүйлөшүү болбойт», «согуш уланат» деп жооп беришти.
Бул карама-каршы билдирүүлөр дүйнөлүк коомчулукту жана эксперттерди адаштырып жатат. Демек, мындай суроо жаралат: жашыруун сүйлөшүүлөр барбы? Эгер бар болсо, шарттары кандай?
Биринчиден, Трамп кээде каалаганын чындык катары көрсөтө алган саясатчы, ошондуктан анын сөздөрүнө этият мамиле кылуу керек.
Экинчиден, АКШ менен Иран ортосунда байланыштар сөзсүз бар. Атүгүл согушуп жаткан мамлекеттер да ортомчулар аркылуу байланышып, «кызыл сызыктарды» аныкташат.
Үчүнчүдөн, маалыматтарга караганда, Иран АКШ тараптан сүйлөшүү жүргүзө турган негизги өкүл ким болушу керектиги тууралуу өз каалоосун билдирген. Алар Стив Уиткофф же Жаред Кушнер эмес, вице-президент Джей Ди Вэнс болушу керек деп эсептешет. Бирок бул чечимди Трамп гана кабыл алат.
Төртүнчүдөн, ортомчу өлкөлөр катары Пакистан, Түркия жана Египет аталууда. Жакын арада сүйлөшүүлөр үчүн негизги аянтча Пакистан болушу мүмкүн.
АКШ ортомчулар аркылуу Иранга 15 пункттан турган шарттарды сунуштаган. Ага ылайык, Иран байытылган уранды МАГАТЭге өткөрүп бериши, Ормуз кысыгы менен Перс булуңун эркин соода аймагына айлантышы жана ракеталык программадан баш тартуусу керек. Анын ордуна АКШ санкцияларды алып салууну, тынч атомдук программаны өнүктүрүүгө жардам берүүнү жана коопсуздук кепилдиктерин убада кылган. Иран бул сунуштарды толугу менен четке какты.
Өз кезегинде Иран АКШга мындай талаптарды койду: Жакынкы Чыгыштагы бардык базаларды жабуу, санкцияларды алып салуу, согуштан келтирилген зыян үчүн компенсация төлөө, Ливандагы «Хезболлага» кол салбоо жана келечекте жаңы чабуулдар болбой турганына кепилдик берүү. Ошондой эле Иран ракеталык программасы эч качан сүйлөшүү темасы болбой турганын баса белгиледи. АКШ бул талаптарды «реалдуу эмес» деп атады.
Эмне үчүн Иран сүйлөшүүгө шашылбай жатат?
Биринчиден, өлкө ичинде мурдагыдай катуу бийлик вертикалы жок. Жогорку лидер Рухолла Хомейни өлтүрүлгөндөн кийин жаңы жетекчилик толук көзөмөл орното элек болушу мүмкүн. Айрым маалыматтар боюнча, жаңы лидер Мужтаба Хомейни абалды толук көзөмөлдөй албай жатат.
Бул шартта Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК) күчтөнүп, саясий жана аскердик демилгени өз колуна алган. Үчүнчү күч катары президент Масуд Пезешкиандын командасы да бар.
Учурда согуштагы демилге Ирандын колунда. АКШ менен Израиль тез жеңишке жетише алган жок. Тескерисинче, Иран Батышка ар тараптуу басым көрсөтүүдө. Согуш узарган сайын Трамптын абалы оорлоп, Батышта экономикалык кризис тереңдейт.
Мындан тышкары, эгер Иран сүйлөшүүгө даяр экенин билдирсе, АКШ аны алсырады деп эсептеп, басымды күчөтүшү мүмкүн. Ошондуктан парадоксалдуу түрдө Иран жеңишке жетүү үчүн согушту улантууга аргасыз.
Бул согуш жакын арада токтобойт жана чыңалуу мындан ары да күчөшү мүмкүн.
Камолиддин Раббимов
Котормо: Вадим Султанов
Булак: kun.uz



















