Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук коркунучтарынын күчөшүнөн улам Кытайдын Тель-Авивдеги элчилиги Кытайдын жарандарын Израилден мүмкүн болушунча тез чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу Shomanews агенттиги жазды.
Билдирүүдө Израилге каршы дрондордун чабуулдарынын масштабы, жыштыгы жана интенсивдүүлүгү өсүп жатканы, натыйжада адам курмандыктары жана материалдык чыгымдар болуп жатканы белгиленет.
Дипломатиялык өкүлчүлүк кытайлык жарандарды аэропорттордон, порттордон, электр станцияларынан, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон жана башка маанилүү инфраструктуралык объекттерден алыс болууну сунуштады.
Кытай өкмөтү Египет менен чектеш “Таба” чек ара өтмөгү аркылуу Израилден кетүүнү каалаган жарандарды эвакуациялоону уюштуруп жатканы кабарланууда.
Маалыматтарга караганда, Кытайдын бул чечими Иран турак жайларга жасалган чабуулдарга жооп иретинде Израилдеги баш калкалоочу жайларга сокку уруу ниетинде экендиги тууралуу эскертүүсүнөн кийин кабыл алынган болушу мүмкүн.
28-февралда Израиль жана АКШ Иранга каршы масштабдуу операция баштагандан бери Иран жооп иретинде 25-мартка чейин Израилге жана аймактагы америкалык аскердик базаларга ракеталык соккулардын 80-толкунун жүргүздү. Бул билдирүүнү Ислам революциясынын сакчылар корпусу жасады.



















