Иран менен болгон куралдуу кагылышуунун алкагында америкалык айдоочулар үчүн бензиндин баасы 30%дан ашык көтөрүлдү. Бул тууралуу The New York Times (NYT) гезити GasBuddy тиркемесинин маалыматтарын талдоого таянып билдирди.
Гезиттин маалыматы боюнча, кагылышууга төртүнчү жумага аяк баскандан кийин баалардын өсүшү барган сайын байкалууда. Гезит өлкөнүн бардык аймактарында, анын ичинде согуш башталганга чейин күйүүчү майдын баасы эң төмөн болгон түштүк жана түштүк-батыш штаттарында энергетикалык кризистин кесепеттери болуп жатканын белгилейт. Март айынын ортосуна карата Луизиана, Оклахома жана Техаста бензиндин баасы үчтөн бирге, ал эми Колорадодо 35%га жогорулаган. Баалардын эң тез өсүшү Нью-Мексикодо катталган, ал жерде бензиндин баасы 40% га жогорулаган.
28-февралда АКШ жана Израил Иранга каршы аскердик операция башташкан. Ирандын ири шаарлары, анын ичинде Тегеран чабуулга кабылган. Ислам революциясынын сакчылар корпусу (ИРСК, Ирандын элиталык армия бөлүгү) Израилге ракета атып, кеңири масштабдуу жооп кайтаруу операциясын жарыялады. Бахрейн, Иордания, Катар, Кувейт, БАЭ жана Сауд Арабиясындагы буталарга да сокку урулду. 2-мартта ИРСКтинн генерал-майору Эбрахим Жабари дүйнөдөгү мунай экспортунун болжол менен бештен бири өткөн Ормуз кысыгы Израил менен АКШнын Ислам Республикасына каршы аскердик аракеттеринен улам кемелер үчүн жабыларын эскерткен.
















