Иран Израилдин аскердик-саясий кабинетинин мүчөлөрүнүн бирин жок кылуу боюнча операция жүргүздү, деп ирандык Fars агенттиги билдирди.
“Ирандын атайын операциясынын максаты бир саат мурда оккупацияланган аймактардын тереңинде Израилдин аскердик-саясий кабинетинин мүчөлөрүнүн бири болгон”, — деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда Fars кайсы адам тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.
“Жок кылуу операциясы ийгиликтүү өттү”, — деп агенттик Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (ИРСК) чалгын кызматынын билдирүүсүн келтирет.



















