Америкалык ЖМКларда жарыяланган маалыматтарга ылайык, Дональд Трамптын айланасындагы адамдар андан Иран менен болгон согушту мүмкүн болушунча тез бүтүрүүнү суранып жатышат. Алардын айтымында, бул чоң көйгөйлөрдөн жана оор кесепеттерден качууга жардам берет.
Экономикалык кризис жана аскердик операциянын так максаттарынын жоктугу АКШ коомчулугунда гана эмес, Республикалык партиянын ичинде да бөлүнүүгө алып келди.
The Wall Street Journal басылмасы билдиргендей, АКШ президентинин кеңешчилери жаңжал узакка созулса, мунайдын баасы өсүп кетет деп кооптонушууда. Мындай жагдай ноябрь айында өтө турган парламенттик шайлоодо Республикалык партиянын жеңилишине алып келиши мүмкүн.
Ошол эле учурда Трамп аскерлерге коюлган милдеттер жакын арада аткарыларын билдирүүдө. Анын айтымында, бул иштер пландалгандан да тезирээк аякташы мүмкүн.
Трамптын сөзүнө караганда, Тегеран дээрлик куралдуу күчтөрүнүн көбүнөн, анын ичинде ракета аскерлеринен жана деңиз флотунан ажыраган.
Бирок бүгүн түнү жана таң эртең Иран Израилге жана АКШнын аскер базаларына карата ракета жана дрондордун дагы үч толкунун учуруп, чабуул жасады. Бул соккулар агрессорлорго олуттуу зыян келтирген.
WSJ басылмасынын маалыматына ылайык, Вашингтондо Ирандагы операция Венесуэладагыдай сценарий менен тез жана көйгөйсүз өтөт деп эсептешкен.



















