Иран армиясынын аба күчтөрү Израилдин Хайфа шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү заводго сокку урганын IRIB агенттиги маалымдады.
Иран армиясынын аба күчтөрү билдиргендей, Ирандагы мунай сактоочу жайларга жасалган чабуулга жооп катары Израилдин Хайфа шаарындагы мунай жана газды кайра иштетүүчү заводго, ошондой эле күйүүчү май сакталган резервуарларга сокку урулду.
Иран тараптын маалыматы боюнча, бул чабуулдарда учкучсуз учуучу аппараттар (дрондор) колдонулган.
7-мартта Израиль Ирандагы төрт мунай сактоочу жайга сокку урганын Иран парламентинин энергетика боюнча комиссиясынын өкүлү Исмаил Хосейни билдирген. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул чабуулдарды ирандык жарандарга каршы химиялык согушка теңеген, анткени абага кооптуу уулуу заттар тараганын белгилеген.
Тегеран эгер АКШ менен Израиль Ирандагы энергетикалык объектилерге сокку урууну уланта берсе, анда Жакынкы Чыгыштагы энергетикалык объектилерди бутага аларын эскерткен.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди жана АКШнын чөлкөмдөгү аскердик базаларына сокку уруп жатат.



















